Байсалов Бакиевдин маегин сындаган депутаттарга жооп берди

Аткаминер өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып, журналист каалаган адамдан интервью алууга укуктуу деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов качкын президент Курманбек Бакиевдин чуу жараткан маеги боюнча депутаттардын айткандарына социалдык баракчасы аркылуу жооп берди.
Белгилей кетсек, жакында эле УТРКнын "Кыргыз ааламы" берүүсүнүн алып баруучусу, Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиевдин Бакиевден алган маеги социалдык тармактарга жарыяланган. Кечээ ЖК депутаттары Эльвира Сурабалдиева менен Эрулан Көкүлов бийлик Бакиевдерди реабилитациялоо жүрүп жатабы деп шек санап, президенттик администрациянын түшүндүмө беришин талап кылган. Ал эми Кошалиевди жумуштан кетириши керектигин билдиришкен.
Байсаловдун жообу:
Урматтуу депутаттардын көтөргөн маселеси мага такыр түшүнүксүз болуп жатат. Буга администрациянын кандай тиешеси бар? Биздин өлкөдө сөз эркиндиги бар. Журналист кимди керек деп эсептесе, ошондон интервью алууга укуктуу. Анын үстүнө видеону көргөндөрдүн санына караганда, маселеге кызыгуу күч экен;
Курманбек Бакиевдин жаран катары өз укугун жана кызыкчылыгын коргоо укугу бар. Сотто кылмыш иши боюнча болобу, коом алдында болобу, өлкөнү башкарган учуруна карата тарыхый баасын алышы керек;
Азыркы жетекчиликтин позициясы – элибизди консолидациялоо, улуттук консенсуска жетишүү. Бардык экс-президенттер, кандай гана болбосун, биздин тарыхтын бир бөлүгү. Депутаттар бул саясатты колдоп, чыр-чатакты күчөтүүнүн жолдорун издебесе жакшы болмок.
УТРК Кадыр Кошалиевге карата ички териштирүү жүрүп жатканын билдирди