Ак пейил, ак көңүл, ак маңдай, акжолтой деген аталыштарды угуп эле жүрөбүз. Кимдир бирөөнү ак көңүл тура деп аягандарын көрүп да калабыз...
Тизгин жаяр
Ааламдын ак-карасы эриш-аркак экенин билип, экөөнү бирдей кабыл алып, агына тайынып, карасын кабылдап тең салмакта жашап келген кыргыз. Кудуреттин өзүн ак күч деп таанып, анын улуулугуна таазим этип жашоосун улап келген кыргыз. Ошондуктан "Ак" деген аталышка өтө аяр мамиле жасап, чебердеп колдонгон. Ак түстүү жан-жаныбардын баарын "куу", "кызыл" деп тергеп, канаттуудан кууну, тумшуктуудан шумкарды, тырмактуудан ак кар-көк муз жердеген илбирсти улуктап акты кошуп атап келген кыргыз...
Оомал-төкмөл дүйнөнүн барына топук кылып, жогуна канагат кылып жашап көнгөн. Ошол тең салмактуу жашоосунда төрөлмөк бар, өлмөк бар деп каадасын күтүп, салтын сактап, нарк менен жашоо, актыкка умтулуу асыл кыргызга милдет болгон.
Бар-жогуна баам салып, сын берип, керек болсо келечегин көрүп-билген көрөгөчтүк табиятында бар көсөмдөр, кеменгерлер эл арасынан, көп ичинен бөлүнүп турган асылдарды таанып, аларга "акты" кошуп айткан. Бул наам берүү, даража ыйгаруу сымал көрүнүш болгон. Ал наам башкаларга жайылып, эл андай өзгөчө жандарга сый мамиле жасаган. Эл берген наам эл берген сын катары кабылданып, эл арасында айтылып кала берген.
Аксакал
Ата сакалы ээгине бүткөнү, жаш өтүп картайганы баары эле аксакал боло алган эмес. Жашынан туура жүргөн, абийирдүү ишти туу туткан, карыганда каадасын карманып, нарк күткөн, оозунда батасы бар, жүзүндө айбат-сүрүнө жылдыздуу мээрим жуурулушкан, санжыра-санат билген, киши баасын билген карыя гана "Аксакал" атанып, эл алдында, журт алдында, топ башында, иш башында батасын берип, керек болсо кеңешин айтып төрдүн көркү болуп жашаган.
Ак байбиче
Байбиченин нарктуусу, барктуусу. Сүйлөсө сөзү ордунда, айтса акылы ордунда жан. Ачуусу жок, жүзүндө мээрим уялаган, алакан жайса батасы кыттай уюган, турмуштук кандай гана жагдай-шарт болбосун айтып берүүчүсү бардай чечим таба билген жан. Кемпир-кесектин баары ага карап түздөнөт, аны ээрчийт.
Ак келин
Төркүнүнөн мээримге канган, түгөйүнөн сүйүүгө канган, коломтосунда куту жанган, ак өргөөсүндө бак-дөөлөт уялаган, күлсө күлкүсү шыңгыр, сүйлөсө сөзү жылаажын, маңдайы жарык, жылдызы жанып турган асыл жан.
Кылган тирилиги да, колунда иши да, оозунда сөзү, ууртунда күлкүсү да бар, ажарлуу, бой жарашыгы да бар чырайлуу келин касиетин туюнуп, кабылдап, өз табиятын угуп, ошого уюп жашагандыгы менен айырмаланган.
Келин алгандар, кыз узаткандар, ак келиндин көшөгөсүн ырым кылып суратышкан. Көшөгөнү да ырымдап ак келинге тарттырышкан. Сөйкөнү да ырымдап ак келинге салдырышкан. Ак келинсиз жакшылык өтпөй, эл журту ансайын анын баркын арттырган.
Акжайдаң
Жигитке берилген сын. Андай атка күлкүсү ууртунан төгүлгөн, кайраты боюнан көрүнгөн, шар мүнөз эр жигит гана татыктуу болгон. Жигиттин акжайдаңы жолдош болсо бүтпөгөн ишиң бүтүп, толбогон бөксөң толуп, болбогон жумуш боло берген. Анын боюнан тарап турган жагымдуу кубат айланасын кошо шаңдантып, дем берип толкутуп турган. Эл арасында анын касиетинен кабары барлар жок жоготсо да, доо өндүрсө да, жоо кууса да акжайдаңды алдыларына салып алышкан. Анын ноюбаган, моюбаган дымагы бардыгына дем болгон.
Акмаңдай
Ашкере жылдыздуу, маңдайы жарык жан. Оокат жасасын иши ордунда, аш бышырсын ашы даамдуу, киши келсе кабагы ачык, ак көрпө жайыл аял. Түгөйүнө сүйкүм жар, балдарына мээрбан эне, кайынга да, төркүнгө да барктуу, алымдуу.
Жарашыктуу кийинип, орундуу сүйлөп, ыйбаа күтүп, кадыр тутуп тирүүлүк ырахатын татып, жашоону шаңына чыгара жашап, айланасын да ага үндөп турат. Аны көрүп көптөр түздөнөт, кара санагандар жалтайлап ийменет.
Акжолтой
Ар дайым не ишке аттансын, не жоого, не доого аттансын, жолу шыдыр, жолу ачык киши. Аны менен жолдош, сапарлаш болууга аракет кылышат. Эч качан ууру менен бөрү тийбейт, каракчы менен тоноочу жолобойт. Аны эч кандай кырсык тоорубайт. Ай барып аман келет, жыл барып олжолуу келет. Сапары байсалдуу болот. Кыдыр өзү жолдош болот.
Ак пейил
Ар дайым ак-аруу ойлонгон, кишилерге жакшылык гана кылсам деп жашаган жан. Ак пейили жашаган үйүнөн, баккан малынан, кылган мамилесинен төгүлүп, сезилип турат. Андай кишинин үйүнөн киши үзүлбөйт.
Ак көңүл
"Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса өзү жарыбайт" деген макал бар. Анткени ак көңүл өзүнөн башканы жогору коёт. Бирөөнүн иши бүтүп кетсин дейт. Ага көмөкчү болот. Зарыл десе акыркы кийимин чечип берет. Алардын көңүлүндө таруудай кара жок, ошондуктан айланасындагы арсыздардын алдап жатканын да билгиси келбейт.
Бирок түпкүлүгүндө акка умтулуп, аруулукка тунуу кишинин милдети болсо ак көңүлдөр кудай мээрине татыгандар…
Ак сөөк
Сөөлөтүн күтө билген, бой-келбети жарашыктуу, сыпайы сүйлөп, нарк күткөн, ашкере кылдат, ар нерсенин жолун билген, ар иштин жөнүн билген табиятынан кыраакы киши. Ак сөөктүк түпкүлүгүндө сөөгү таза дегендик…
Тизгин жыяр
Ар бир жандын башында куту, колунда ооматы, боюнда касиети, ийининде дөөлөтү, оозунда кеби, жүрөгүндө деми бар. Кишини жараткан кудурет ырысын кошо чачып коёт. Аны термелеп чогултуу менен кишилик асылдыкка умтулуу айныгыс милдет. Абалкыдай боюбузду сынап, тагдырыбызды айтып берер көсөмдөр аздыр, ал да аздап көргөнүн айта бербестир. А балким, биз алардын айтуусуна муктаж эместирбиз. Анткени ар бирибиз өзүбүздү туя алсак, кабылдап жашасак, табиятка шайкеш келсек, Жер энеге жакын болсок башканы эмес жок дегенде өзүбүздү көрө аларбыз, уга аларбыз деген изги үмүт жашайт…
Жогоруда айтылган, аталгандарды ак кишилер деп атадым, алар азыр да арабызда бар. Алар бар үчүн тирүүлүктүн тең салмагы сакталып турат. Ак кишилер айланага жарыгын чачып, билип-билбей бизди аруулап, дем берип, жашоого шыктандырып турат…