Адис: жерге жарык түшө электе ойгонуу оорунун белгиси болушу мүмкүн

Адамдар көбүнчө организмдеги жаш куракка байланыштуу өзгөрүүлөрдөн улам аз уктай баштайт. Бирок кээ бир учурларда эрте ойгонуу олуттуу оорулардан кабар берет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Ого эле эрте ойгонуп алуу көздүн ар кандай ооруларынын белгиси болушу мүмкүн. Бул тууралуу Нью-Йорк университетинин Уйкуну изилдөө борборунун директору Сайрам Партхасаратиге шилтеме берип "Доктор Питер" басылмасы жазды.
"Мисалы, катаракта диагнозу коюлган адамдарда эрте ойгонуу кеңири таралган симптом. Кеч кирери менен көз тунара баштайт да, мээ уктоого убакыт келди деп ойлоп, мелатонин гормонун бөлө баштайт. Ошентип адам эрте уктайт дагы, жерге жарык түшө электе ойгонуп алат. Андыктан уйкуга байланыштуу көйгөй жаралса дарыгерге кайрылуу керек", — деди адис.
Ошол эле учурда ал эрте ойгонууга башка дагы олуттуу себеп бар экенин айтты.
"Бул — организмдин улгайып калышы. Адам карыганда метаболизм жай иштей баштайт дагы, кыймыл-аракет азаят", — деди медик.
Демек, организмди эс алдырып, калыбына келтирүү үчүн мурдагыдан азыраак уктоо деле жетиштүү болуп калат.
Семирүүгө алып келген алты адат