БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Жергиликтүү бийликтин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын өзгөртүү мыйзам долбоору сунушталды.
Демилгечи — Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков. Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурууда, алардын милдеттерин так аткарууга, ошондой эле Конституцияга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкканы айтылды.
Депутаттын сунушу:
жергиликтүү кеңештин депутаты болуу үчүн кесиптик орто билим талап кылынат. Башкача айтканда, учурда мектепти бүткөндөр деле депутат болуп шайлана алат, сунуш боюнча жок дегенде колледжде окуп келиши шарт;
жергиликтүү кеңештер "министрлер кабинетинин төрагасынын же акимдин президентке берген сунушу боюнча таратылат" деген норманы алып салуу;
жарандар өзү туулган шаарда мэр, айылда айыл өкмөт башчы болуп дайындалышына укук берүү (учурда тыюу салынган);
шаардык жана айылдык кеңеш депутаттарын төрт эмес беш жылдык мөөнөткө шайлоо.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын октябрында "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жаңы мыйзам күчүнө кирген. Анда жарандарга өзү туулган райондо аким, шаарда мэр, айыл өкмөттө башчы болууга тыюу салынган.