Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат

"Баткен" аба майданы буга чейин оңдоо үчүн жабылган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирди.
Маалыматка караганда, ата мекендик Tez jet компаниясы 18-майдан тарта Бишкек — Баткен — Бишкек багыты боюнча жумасына бир ирет, ар бейшемби сайын каттамдарды аткара баштайт.
Эске салсак, "Баткен" аэропорту үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта аэродромду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.
Быйыл жазда Бишкектен кайсы жактарга учууга болот? Тизме