Парламент "Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү отставкага кетирүү сунушун четке какты

Мадумаров кырдаалдан чыгыш үчүн Баш мыйзамды өзгөртүп же "Кыргызстанда Конституция сакталбайт, ар ким өз каалаганын кылат" деп жарыялап коюу керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттү отставкага кетирүү боюнча "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын сунушун колдогон жок.
Аталган фракция 27-апрель күнү министрлер кабинетинин курамын толугу менен кетирүүнү сунуштаган. Буга өкмөттүн Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүн — 2023-жылдын 1-январынан баштап эң төмөнкү пенсия, пособие жашоо минимумунан кем болбосун деген норманы аткарбаганы себеп болгон.
Талкуу учурунда депутаттар "Акылбек Жапаровду кызматтан бошотуу менен маселе чечилип кетеби?" деп сурашты.
Фракция лидери Адахан Мадумаров же Баш мыйзамды өзгөртүп, же "Кыргызстанда Конституция сакталбайт, ар ким өз каалаганын кылат" деп жарыялап коюу керектигин айтты.
"Мыйзам менен жашайлы же кожоюн өзү билет деген "бир берене" менен кете берели. Конституциялык сот жөлөк пул экономиканын абалына жараша төлөнөт деген тыянак чыгарып бериптир. Бирок талаш жаралган учурда Конституциялык норма баарынан жогору турат деп жазылган. Аны да эске албай кете беребизби", — деди Мадумаров.
Жыйынтыгында өкмөттү отставкага кетирүү сунушуна 48 депутат каршы чыкса, 9у "макул" деп добуш берди.
Жыл башында министрлер кабинети пенсия, жөлөк пулдарды жашоо минимумунан төмөн болбосун деген норма талаштуу деп Конституциялык сотко кайрылган. Депутат Адахан Мадумаров мунун себебин өкмөт башчы Акылбек Жапаровдон сураганда "төлөй албасак өлөлүбү" деп жооп берген.
Натыйжада Конституциялык сот "пенсия, пособие өлкө экономикасынын абалынан көз каранды, жашоо минимумуна жеткирүү боюнча Баш мыйзамдагы норма мамлекеттин сөзсүз аткара турган милдети эмес" деген бүтүм чыгарып берген.
Өкмөттүн отставкасы: сунуш четке кагылып, Шакиев менен Мадумаров кайым айтышты