БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш Элдик курултайдын ишин жөнгө салган мыйзам долбоорун биринчи окуудан колдоду.
Аталган мыйзам долбоору 15-мартта каралып, көп депутаттын нааразычылыгынан улам күн тартибинен алып салынган болчу. Андан соң ар бир фракциядан бирден мүчө кирип, жумушчу топ түзүлгөн. Анын төрагасы Жанар Акаев долбоор кандай өзгөртүлгөнүн айтып берди.
"Башында демилгеленген 22 беренени кыскартып, 15ин гана калтырдык. Эми делегаттар эбегейсиз ыйгарым укуктарга ээ болбойт. Аймактарда курултайларды өткөрөбүз, жергиликтүү бийликтин бюджетин карайбыз, акимдерге ишеним көрсөтпөө боюнча укуктарыбыз болот деген сыяктуу маселелерди алып салдык. Үч жылга шайланып алып, маселе чечип берем деген курултайчы болбойт. Бир жолу шайланат да, филармониядан чыккандан кийин үйүнө курултайчы болбой барат", — деди Акаев.
Ал депутаттарды регламент боюнча биринчи окууда концепциясын жактырып берүүгө чакырып, жумушчу топ иштеп чыккан сунуштар экинчи окууда киргизилип талкууланарын белгиледи.
Талашка түшкөн курултай мыйзамы
"Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун былтыр парламент кабыл албай койгон. Депутаттар курултайдын делегаттарына өтө эле ашыкча укук берүү сунушталганына каршы чыккан. Эл өкүлдөрү андан бери тогуз ай өтсө да мыйзам долбоорун бүгүн эч нерсесин өзгөртпөй алып келишкенине нааразы болду. Себеби анда курултайдын делегаттары аткаруу бийлигинин, айыл өкмөттөрдүн иштерине да кийлигишери камтылган эле.
Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Курултай жөнүндө мыйзамды кабыл алууга каршы эместигин айтып, бирок азыркыдай редакция өтө кооптуу экенин билдиришти.
Былтыр да мыйзам өтпөй калгандыктан президент Садыр Жапаров өзү жарлык чыгарып, курултай өткөрүүнүн жол-жобосун бекиткен. Анын негизинде 25-26-ноябрь күндөрү өлкөнүн бүт аймактарынан делегаттар чогулуп Бишкек шаарында курултай өткөн.