"Согуштун азап-тозогун көрүп, анын бардык оор сыноолору менен кыйынчылыктарын башынан өткөргөн элдердин кан майданды кɵздɵрүнɵ жаш алып эскерүүсү бул окуянын адамзат тагдырына тийгизген тарыхый маанисин тастыктап турат. Фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салганда кыргыз эли дагы четте калган эмес. Согуштун биринчи эле күндөрүндө Кыргызстандын аймагында кан майдан үчүн жаңы резервдерди даярдоо башталган. Кыргызстандыктар менен казакстандыктардан турган №316 Аткычтар дивизиясы түзүлгөн. Ал кийин Иван Панфилов атындагы №8 Гвардиялык дивизия болуп өзгөртүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында Москва шаарын коргогон панфиловчу-жоокерлердин өзгөчө эрдиги дүйнө жүзүнө маалым. Дал ошол Дубосеково жолундагы кандуу кармаштан баштап Ата Мекендик согуштун нугу өзгөргөн. Ошол жерден, ошол күндөн тарта советтик аскерлер баскынчылардын мизин кайтарып, чабуулга өтүшкөн. Кыргызстан Улуу Жеңишке жетүүгө чынында чоң салым кошкон: оорук эмгекчилери майданды ок-дары, азык-түлүк, кийим-кече, ал эми коргоо ɵндүрүшүн стратегиялык чийки зат менен үзгүлтүксүз камсыздап турган, ал эми Фрунзе жɵɵ аскерлер окуу жайы болсо офицердик кадрларды даярдаган", — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.
"Кадырлуу калайык калкым! Улуу Жеңишти камсыздоодогу жүз миңдеген жердештерибиздин эрдиктери, ооруктагы эмгекчилерибиздин каармандыктары Мекенге жан дили менен кызмат кылуунун бийик үлгүсү болуп түбɵлүк кала берет! Кантсе дагы Улуу Жеңиш бизге орду толгус жоготуулар менен келди. Аталарыбыз, чоң аталарыбыз өз өмүрлөрүн берип, бизге тынчтык жана бейкуттук тартуулашты. Алардын теңдешсиз эмгектери бизди Ата Мекенди көздүн карегиндей сактоого милдеттендирет! Улуу Жеңиштин сабактары Ата Журтубуздун алдында ар бирибиздин чоң жоопкерчилигибиз жөнүндө дайым эскертип турат. Ошондуктан биримдигибизди чыңдап, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп турушубуз абзел. Аталарыбыз, агаларыбыз кан күйгөн согушта бир гана нерсе үчүн – биздин бейпил турмушубуз, ачык асманыбыз үчүн жан беришкенин эгерим эсибизден чыгарбайлы! Көкүрөгүнө орден-медалдарды тагынган ар бир ардагер жөн эле согуштун катышуучусу эмес, ал – бизге жашоо бактысын тартуулаган чыныгы баатыр! Урматтуу ардагерлер жана оорук эмгекчилери, сиздерге башыбызды ийип таазим кылабыз! Сиздер менен ар дайым сыймыктанабыз!" — деп сөзүн жыйынтыктады өлкө башчы.