Коргоо министрлиги Ата мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады. Сүрөт

Улуу Жеңиш күнүнүн урматына Коргоо министрлигинин бардык бөлүмдөрүндө жана мекемелеринде эрдик сабактары, ардагерлер менен жолугушуулар, эстеликтерге гүл коюу, ачык эшик күндөрү жана башка иш-чаралар өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилери куттуктады.
Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн, 8-майда, Жеңиштин 78 жылдыгынын урматына министр Бактыбек Бекболотов ардагер Асек Урмамбетовдон кабар алды.
1 / 9

Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилери куттуктады.

2 / 9

3 / 9

Бекболотов ардагерди келе жаткан маанилүү майрамы менен куттуктап, ага Улуу Жеңишке кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, азык-түлүк жана фронттук 100 грамм топтомдору салынган аскердик мүшөктү тартуулады.

4 / 9

Ардагерлер Түркөнакун Бейшембаев, Аспек Думашев жана Хусаин Мухамеджановду Башкы штабдын башчысы Эрлис Тердикбаев, коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов, министрдин материалдык-техникалык жана экономикалык жактан камсыздоо боюнча орун басары Акылбек Ибраев куттуктап барышты.

5 / 9

Маалымат кызматы Улуу Жеңиш күнүнүн урматына Коргоо министрлигинин бардык бөлүмдөрүндө жана мекемелеринде эрдик сабактары, ардагерлер менен жолугушуулар, эстеликтерге гүл коюу, ачык эшик күндөрү жана башка иш-чаралар өтүп жатканын эске салды.

6 / 9

Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерин Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилери куттуктады.

7 / 9

8 / 9

9 / 9

"Бекболотов ардагерди келе жаткан маанилүү майрамы менен куттуктап, ага Улуу Жеңишке кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, азык-түлүк жана фронттук 100 грамм топтомдору салынган аскердик мүшөктү тартуулады. Мекенине тынчтыкты тартуулоого катышкан ардагерди куттуктоо Коргоо министрлигинин аскердик-оркестринин согуш жылдардагы ырларды аткаруусу жана Улуттук гвардиянын ардак караулунун ротасынын ыр номерлерди аткаруусу менен коштолду", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Ардагерлер Түркөнакун Бейшембаев, Аспек Думашев жана Хусаин Мухамеджановду Башкы штабдын башчысы Эрлис Тердикбаев, коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов, министрдин материалдык-техникалык жана экономикалык жактан камсыздоо боюнча орун басары Акылбек Ибраев куттуктап барышты.
Маалымат кызматы Улуу Жеңиш күнүнүн урматына Коргоо министрлигинин бардык бөлүмдөрүндө жана мекемелеринде эрдик сабактары, ардагерлер менен жолугушуулар, эстеликтерге гүл коюу, ачык эшик күндөрү жана башка иш-чаралар өтүп жатканын эске салды.
Бишкекте Жеңиштин 78 жылдыгы кандай белгиленет? Тизме