А. Темирбаев, гвардиянын ага лейтенанты, чалгынчы. Борбордук фронт. 1943-жыл. Сүрөттү тарткан Чернов
Панфилов дивизиясынын 4-өзүнчө аткычтар ротасына автоматтар тапшырылып жаткан учур. 1943-жыл
Панфилов дивизиясынын саясий иштер боюнча офицери Туркебаев. Москваны коргоодо курман болгон
Кыргызстандыктар Панфилов дивизиясынын өкүлдөрүн тосуп жаткан учуру. Фрунзе, темир жол вокзалы, 1942-жыл
Фашисттердин концлагеринин туткуну кыргызстандык аскер Иван Воронец
Кыргызстандык офицер С. Ниязалиев куралдаштары менен кайра даярдоо курстарында. Москва, 1943-жыл
Болот Мукашев кыргыздын ичинен чыккан алгачкы офицерлердин бири. Ал Кыргыз атчандар полкунун штабынын жетекчиси болгон. Улуу Ата мекендик согуш башталганда Сокулук районунун аскер комиссары эле. Атчандар полкун курап, 1943-жылы Новгород чөлкөмүнүн Поддор районунда баатырларча курман болгон
254 гитлерчинин көзүн тазалаган Панфилов дивизиясынын снайпери М. Абдыбеков. 1943-жыл. Сүрөттүн автору Махлецов
Кыргыз ССРинин театр жана операсынын артисттери фронтко концерт берип жаткан учуру, 1942-жыл
22 душманды жок кылган кыргызстандык снайпер С. Умаров. Брянск фронту, 1942-жыл. Сүрөттүн автору Зингерман
Генерал Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы кан майданда көрсөткөн эрдиги үчүн Кызыл Туу жана Ленин ордендери менен сыйланган. Генерал-майор Михаил Кутузов бул дивизиянын туусуна Ленин орденин тагууда. Тууну Панфилов дивизиясынын командири, гвардиянын генерал-майору Спиридон Чернюгов кармап турат. 1942-жыл
Панфиловчу Өмүркул Эгембердиев. Согушка чейин Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин инструктору болуп эмгектенген
Жамил Эсергенов Сталинград шаарын коргоочулардын бири, топтун командири. 1944-жыл
Кыргызстандык миномёт аткыч ефрейтор Туготаев окопто. Польша, 1944-жыл
1-армиянын Самара-Ульянов Бердичев атындагы 24-аткычтар полкунун взводунун командири, белгилүү жазуучу Көпбай Күмүшалиев (ортодо) куралдаштары менен. 1945-жыл
Польшанын Данциг шаарын бошотууга камынган советтик аскерлер командалык-көзөмөлдөөчү пункт орноткон. Танктарга сокку уруучу артиллериялык дивизиондун командиринин саясий иштер боюнча жардамчысы Эшен Чертанов (оң жактан экинчи) полктоштору менен. Ал өзгөчө эрдиги үчүн аскердик Кызыл Туу, эки ирет Кызыл Жылдыз, Улуу Ата мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган. 1945-жыл
Панфилов дивизиясынын 30-аткычтар полкунун парторгу гвардиянын капитаны Айдаркан Ахметов. 1986-жыл. Анын жолдошу Гүлбара Егембердиева да Түштүк-Батыш фронтунун карамагындагы 4-автомотолоштурулган бригаданын 23-автополкунун 4-батальонунун катарында согушкан
Сатар Жанталиев Аламүдүн районунун Орто-Сай айылынын кулуну. 1942-жылы Фрунзе жөө аскер училищесин бүткөн. 247-Рославль дивизиясынын 920-полкунун ротасынын командири болгон. Смоленск менен Варшава шаарларын фашисттик баскынчылардан бошотуп, ротасы менен Германиянын Лабус калаасын багындырган. Бул эрдиги үчүн Улуу Ата мекендик согуштун 1-даражадагы ордени менен сыйланган. Берлин шаарын алууга да катышкан. Үч ирет жаракат алып, эки жолу контузия болгон. Согушта көрсөткөн каармандыгы үчүн Улуу Ата мекендик согуштун дагы бир ордени, "Варшаваны бошотуу үчүн" жана "Берлинди алуу үчүн" медалдары менен сыйланган. Аскердик наамы ага лейтенант эле.