БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Дарыгер-нутрициолог, медицина илимдеринин кандидаты Ирина Юзуп тузду ашыкча колдонуу бөйрөккө залалын тийгизерин айтты. Бул туурасында дарыгерге таянып "Известия" жазды.
"Организмде туз көбөйүп кетсе бөйрөктөр аны тазалоо үчүн мурдагыдан көп иштеп баштайт. Бул бөйрөктүн жабыркашына, дарылабаса өнөкөт ооруга алып келиши мүмкүн", — деди адис.
Ошондой эле тузду ашыкча колдонуу кан тамырлардын жана жүрөктүн ишине кедергисин тийгизип, кан басымды дагы көтөрүп жибериши мүмкүн.
Дарыгер туздун өлчөмүн көзөмөлдөө мүмкүн эмес экенин, андыктан рациондо такыр тузу жок тамактар да болуп турушу керектигин кошумчалады.