БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Шишкебек, жаратылыш, эс алуу, жаз... Албетте, мунун бардыгы жакшы. Бирок дем алыш ойдогудай болуп, тамагыбыз ден соолукка пайдалуу болуш үчүн шишкебекке этти туура тандоонун жол-жобосун "Доктор Питер" басылмасына гастроэнтеролог жана гепатолог Сергей Лопатин айтып берди.
Тоок эти
Уй же койдун этине караганда тооктун эти жеңил келип, өзгөчө диетадагы адамдарга пайдалуу болуп эсептелет. Бирок канат менен буттарда калория жогору. Төш эт шишкебек үчүн эң ыңгайлуу вариант.
Балык
Сёмга, скумбрия, форель сыяктуу балыктарды тандаңыз. Ошол эле учурда болушунча майы азыраагын алыңыз. Анткени май агып, чокко түшөт дагы күйгөн май канцерогенге айланып, ыш менен келип этке сиңет. Ал эми бул нерсе рак клеткаларын пайда кылат.
Кой жана уй эти
Бул эттерде дагы майдын аз болгону жакшы. Себебин жогоруда түшүндүрдүк. Ошондой эле бышып келе жаткан этти карап туруңуз. Эгер отко какталган учурда сыртына суу бөлүнүп чакса, демек, ал эскирип кеткен азык.