Шойгу ШКУ жыйынында Кытайдын коргонуу министри менен жолукту. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россия менен Кытайдын коргонуу министрлери Сергей Шойгу жана Ли Шанфу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аскердик ведомстволорунун Нью-Делидеги жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугуу өткөрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анда эки тараптын тең кызыкчылыгы каралган маселелер талкууланганы кабарланды.
"Бул иш-чарада эки министрдин жолугушуусу протоколдо каралган эмес", — деп жазды агенттик.
Анда Кыргызстандын, Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын коргоо министрлери учурдагы геосаясий кырдаалды эске алып, ШКУнун форматында коргонуу жаатында кызматташуу талкууланды.
ЖККУ, КМШ менен алаканы арттырууну көздөп. ШКУнун коргоо министрлеринин жыйыны