БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кытайдын Ханчжоу шаарында жүргүзүлгөн изилдөөдөн кийин окумуштуулар кадимки куурулган картошка (фри) ашказанга гана эмес, адамдын психологиялык абалына дагы терс таасир этерин аныкташты. Бул тууралуу "Доктор Питер" басылмасы жазды.
Адистердин айтымында, көпчүлүк, өзгөчө балдар жакшы көргөн бул тамакта май менен крахмалдан тышкары туз дагы абдан көп болот.
Окумуштуулар жүргүзгөн изилдөө 11 жылга созулуп, ага 140 миңден ашык киши катышкан. Бул аралыкта стресс же депрессияга кабылгандардын басымдуу бөлүгү куурулган тамактарды, анын ичинен фрини көп жей турганын айткан.
"Окумуштуулар куурулган этке караганда куурулган картошаны көбүрөөк жеген адамдарда депрессияга кабылуу тобокелдиги 2 пайызга жогору болорун далилдешти", — деп жазылат макалада.
Адистер психикалык оорулар менен куурулган тамактын кандай байланышы бар экенин так айтуу азырынча мүмкүн эмес экенин кошумчалап, кандай болгон күндө дагы майга бышкан тамак-аш кишини семиртип жиберерин айтышты.