РФке сүт экспорттоого салынган тыюу: Жапаров менен Оверчук сүйлөштү

Жакында Кыргызстанга Россельхознадзордун адистери келери макулдашылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук сүт азыктарынын экспорту токтотулганы боюнча маселени талкуулады. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук сүт азыктарынын экспорту токтотулганы боюнча маселени талкуулады. Алар видеобайланыш форматында сүйлөшкөн.
Алар видеобайланыш форматында сүйлөшкөн. Ага эки өлкөнүн тармактык структураларынын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышкан. Жапаров менен Оверчук — Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын тең төрагалары.
“Тараптар Кыргызстандан Россияга экспорттолгон сүт азыктарынын сапатына байланыштуу маселеге кенен токтолушту. Жакынкы күндөрү Кыргызстанга Россельхознадзордун адистери келери макулдашылды. Алардын максаты лабораториялык жабдууларды баалоо жана керектүү тесттерди жүргүзүү”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле алар энергетика, санариптик экономика, транспорттук коопсуздук, айыл чарба жаатында өз ара иштешүү боюнча маселелерди карашкан.
Белгилей кетсек, Россия 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын алууну токтоткон. Россельхознадзор ага бир нече эреже бузуулар себеп болгонун айтууда.
Россияга сүт экспорттоо эмне үчүн токтоду? Өкмөттүн жана депутаттын пикири