Аймактык реформа: Ак-Талаада жаңы айыл аймактарга жетекчилер дайындалды

Аким кызмат ордунан бошогон мурдагы айыл өкмөт башчылары менен мындан ары да ар тармакта иштешүүгө даяр экендигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө жарлыктын негизинде Ак-Талаа районунда түзүлгөн төрт айыл аймактын башчылары дайындалды.
Алардын муниципалдык резервде турган кадрлар экени айтылды.
Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров жаңы дайындалган айыл өкмөт башчыларын жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө жана мекеме-ишканалардын жетекчилерине тааныштырган. Ал эми кызмат ордунан бошогон мурдагы айыл өкмөт башчыларына да ийгилик каалап, мындан ары да ар тармакта иштешүүгө даяр экендигин айткан.
Жаңы түзүлгөн айыл аймактар жана ага дайындалган айыл өкмөт башчылары;
Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчылыгына Иличбек Иманалиев дайындалган. Ал буга чейин Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген;
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчылыгына Арстанбек Акиев дайындалган. Ал буга чейин дагы Коңорчок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген;
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп Улукбек Жусупжанов дайындалган. Буга чейин Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы, аталган айылдагы Байымбет атындагы орто мектептин директору кызматтарын аркалаган;
Тоголок Молдо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп Алмаз Абдылдаев дайындалды. Буга чейин Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.
Бир топ адам иштен бошойт. Нарында айыл аймактары ирилештирилет