Өкмөт: Россияга балык, тоок этин, сүт азыгынын экспортун көбөйтүүгө шарт түзүү керек

Экспорт боюнча кандай гана маселе жаралбасын, анын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү жана күчөтүү зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Россия Федерациясына балык продукциясын, тоок этин жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмүн жогорулатуу үчүн ЕАЭБдин талаптарына ылайык бардык шарттарды түзүү зарыл. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жыйын учурунда айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жыйын Төрөбаевдин жетекчилиги алдында ЕАЭБ талаптарына ылайык Кыргызстандын азык-түлүк продукциясын экспорттоо маселеси боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен өткөн.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жыйын учурунда
"Сиздер жакшы билесиздер, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана негизи эле экспорттун көлөмүн жогорулатуунун үстүндө иш алып баруу министрлер кабинетинин негизги багыттарынын бири. Экспорт жакшы болсо ишкерлерге мүмкүнчүлүк түзүлөт, экономикада өсүш болуп, бюджет толот. Экспорт боюнча кандай гана маселе жаралбасын, анын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү жана күчөтүү зарыл", — деди Төрөбаев.
Жыйындын соңунда өкмөт башчынын орун басары ЕАЭБдин техникалык регламентин аткаруу үчүн ички ченемдик-укуктук актыларды карап чыгуу, ихтиология боюнча тиешелүү адистерди жана лабораториялардагы адистерди кыска мөөнөттө окутуу, ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү жана өз жумушуна шалаакы мамиле кылган жооптуу кызматкерлерге чара көрүү тапшырмаларын берди.
Эскерте кетсек, февраль айында Россельхознадзор Кыргызстандын ветеринардык кызматына Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасынын сертификациясын токтотууну өтүнүп кайрылган. Мекеме эки жылдан бери Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икрасында тыюу салынган, зыяндуу заттардын нормадан ашып кетип жатканын аныктап келерин белгилеген. Мындан тышкары, аталган кызматтын адистери Кыргызстандан барган бул балыктын көлөмү кадимки форелден чоңураак экенин аныкташкан. Мекеме ушунун өзү эле күмөн саноого негиз болорун белгиледи. Мындан улам Россельхознадзор 2023-жылдын январында балык чарбачылыгы менен алектенген 9 компанияны текшерүүнү демилгелеген.
Өткөн жумада айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков парламентте ветеринария кызматынын жетекчиси дал ушул маселе менен Москвада болгонун, Россияга форель экспорту жандана турганын билдирген болчу.
Форель алтынга тете пайда алып келет. Экономика министрлигинин программасы