Депутаттар латын арибине өтүүнү сунуштады. Тил комиссиясынын пикири

Депутаттар кыргыз тилин сактап калуу жана чыныгы реформа үчүн латын алфавитине өтүү керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев латын алфавитине өтүүнү сунуштады.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев
Анын айтымында, кыргыз тилин сактап калуу жана чыныгы реформа үчүн латын алфавитине өтүшү керек.
"Биздин нукура сөздөрүбүз кириллицада туура эмес жазылат. Анан кантип жаштарды тарбиялайбыз. Негизги максатыбыз улуттун тилин сактап калуу. Латын алфавитине өткөндө гана максатыбызга жетебиз", — деди Токтошев.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев латын арибине өтүү аракети 1993-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин вице-премьерлеринин ортосунда меморандумга кол коюу менен башталганын эске салды.
"Тилекке каршы, андан бери саясий чечим кабыл алынган жок. Бүгүнкү күндө түрк тилдүү алты мамлекеттин ичинен биз гана кириллицада отурабыз. Эгер Жогорку Кеңеш, президентибиз баш болуп саясий чечим кабыл алса, биздин окумуштуулар латын графикасына өткөнгө даяр. Бир нече варианттар жасалууда", — деди Осмоналиев.
Андан соң депутат Камила Талиева да чечкиндүү реформа жасоо үчүн латын арибине өтүү зарылчылыгын белгиледи.
"Садыр аwа" деп эле жазалы. Депутат Осмонов алфавитти өзгөртүүнү сунуштады