Алмамбет баатырдын чалгынга Сыргакты ээрчитип жөнөшү. Улуу баяндан 7 факт

Чоң казат алдында Манас колго башчылыкты Алмамбетке өткөрүп берген эле.
Sputnik
Колду Алмамбетке өткөрүп берүү. Кырк жигит Кыргыл чалы баш болуп, Эр Төштүк төш болуп, Бакай аба, Эштектердин Жамгырчы, казактардын Көкчөсү, кара жаак эр Үрбү, Анжияндан Санжыбек, Буудайыктын Музбурчак – үргүлжү отурган экен. Салам айтып эле кол башчы катары Алмамбет кебин баштады: "Эсептеп элди көрөлү, эл бийлеген эрендер эсебин бүгүн беришсин!". Кандын сөзү кыргызда эгерим эки болгон эмес, Ырамандын Ырчы уул жар чакырып ийди. Миң башы менен бектер, он башы менен жүз башылар аскерим аман болду бекен деп, ары-бери жүгүрүп кол топтоп жүрөт. Бардык отуз жүз миң колду Алмамбетке аман-эсен өткөрүп берди.
Бир кишинин "жоголушу". Эсептеп келсе Тазбайматтын тобунан тогуз киши гана болуп, онунчусу табылбайт. Алмамбат аны кектей билерманы сен деди, бир кишиң кайда кем деди, билинген сенин иттигиң, эсебиң азыр бер деди. Тазбаймат көзү алаңдай Жадоо, Чулун боюнда, Короготу оюнда тогузу колго тийип, өзү менен он болуп эле жүргөнүн айтат. Алмамбет таң калат, отуз жүз миң кол аман болсо, анан сеники кантип бирөө жетпейт дейт да, жардыкты аткарууга даярдана баштайт, алты желдет баш чабууга келет. Аргын Каракожо "кан кылбай киймин алгын деп, кабакка союп салгын деп" бир жагында турат. Ошондо акыл калчап, мурдагы аты Байсабай, азыркы аты Серек бир нерсе тапкандай ордунан обдулуп тура калат да: "Ой, баатырлар, элди эсепке албасын, катары менен калкынын Канкоруң кирип калбасын, ойротту санга салбасын, окусунан санатка оёнуң кирип калбасын?" деп жиберет. Көбү ушул Баймат кантип эле Манаска он башы болсун деп шылдыңдай күлөт. Анан катка жазган Кадырсейит молдодон катты окуусун суранат. Чын эле Манас баатыр өзү Тазбайматка бөлүнгөн экен. Аны угуп Тазбаймат "Баатырым Манас, сен үчүн Кытайдан келген кулуңдан кызылдай өлө жаздым деп" кыйкырып иет. Баары күлүп калат. Манас болсо: "Уруп кеткен Тазбаймат, улук кишим сен болсоң, унуткан кишиң мен болсом, ушу жорук саа чала, он башы ойрон сен болсоң, оюңда жогуң мен болсом, Серекти айтпай койдурбай, сени ушу жерде сойдурбай, эстебей койсоң мени сен, Эр Алмамбет баатырга өлтүртүүм экен сени мен", - деп болкулдап, бир башкача солкулдап күлөт. Ошондо "кылая багып күлбөгөн, күлгөндүн сырын билбеген, күңгүрөнө сүйлөгөн кыраан Манас күлүптүр", анын күлгөнүнө жалпы кол кошо күлүп, кылымга "Манасты унуткан Тазбайматча" деген кепти сүйлөп жүрүптүр.
Чалгынга барар адам издөө. Эсеп алынган соң Алмамбет "табылган" Манаска барып мындай деп айтат: "Эр кайраты жык толду, элиңдин баары бук болду, ат семирип карк толду, аттана турган чак болду, кабылан Манас, өзүң ук, калмагың айтар сөзүн ук, кырааным Манас, өзүң ук, кытайың айтар сөзүн ук, калп айтпаган чының ким, казатка чыгар тыңың ким, беттешкен жоого белдүүң ким, белдешкен доого демдүүң ким, өткүр чечен тилдүүң ким, өлүмдөн кайтпас жиндиң ким, көзгө атар мерген машың ким, көп жалтанар башың ким, көңүлү бузук касың ким, көрбөгөн жолго барчууң ким, Бээжинден чалгын чалчууң ким". Бул сөздү угуп адамдар айран таң калды. Барар киши жок болду, обдулуп чыгар жан жок болду. Бирине бири жанашты, бирине бири карашты. Барышы го барат, анын балдырашып сүйлөшүп бадиректен тил албас, Кытайдын жайын биле албас, кыжылдаша сүйлөшүп, кызыталактан тил албас, капкага каршы кире албас, кажылдаша сүйлөшүп, капырдын жайын биле албас. Баары ары кетти, бери кетти, ал жакка барарга бир гана Кан Алмамбеттин өзүн эп көрүштү. "Алмамбет өзүң чалгын чал, көптөн тандап көсөмдү ал, көргөн жолдон чалгын чал, жаныңа күйөр жакынды ал, жан аябас баатырды ал, өлүмдөн коркпос өткүрдү ал, жекеге чабар жеткирди ал, билеги жоон балбанды ал, билими артык далдалды ал, миңден качпас зардалды ал" деди Манас баатыр. Көпчүлүк аны колдоп дуу этти. Каалаган атты алышын, каалаган жолдош табышын айтты баатыр Алмамбетке. Баатырдан сөзүн кайтарбай, барбаймын деп айта албай Эр Алмамбет ээк какпай, эңкейбей тик турду. Кытайга кытай бармак беле дегендер да болду, бирок ачык айта албады. Ойлоп олтуруп, барууга белин байлады, баатырдын көөнүн жайлады. Алмамбет анан өзү менен кошо чалгынга чыга турган адамынын атын айтты. Анысынын аты Теке экен, өзү бек, атышкан жоону көргөндө ажал-өлүм кайда дээр, өлүмдү билбес өзү, өрт жалындай көзү бар экен, өчтөшкөн жоону көргөндө өкүмөт өткүр сөзү бар, сундуруп найза тартпаган, сурданып жоодон кайтпаган султандыгы белгилүү, качыргандан токтолбос камандан алган мүнөзү Эр Сыргак экен. Анын бир өзүн Алмамбет миңге бааларын айтат.
Чалгынга минер ат издөө. Ошол кезде көргөндүн көөнүн сүйүнтүп, көлүктүн белин ийилтип, көпкөк темир кийинип, соот, чарайна, кыягы, жоодон качпас сыягы, бет алып Бээжин элине, белдемчи тартып белине, калкан жаап башына, камдап алып жарагын Кан Сыргак келди кашына. Алмамбет Арстан Манастан кош ат сурайт. Манас ошондо өзү назар салып жүргөнбү, Калкамандын кара аты – кайгуулчу эрдин канаты, ошону алгыла дейт. Анда Алмамбет ал ат карып калганын, кара жолтой жагына чалып калганын айтат. Манас дагы бир атты – Токотойдун тору атын, тоорулчул эрдин канатын алгыла дейт. Муну да Алмамбет жактыра бербейт. Анда өзүң тандачы дегенде бар жылкынын тыңы ушу, айгай укса сүрөөнү, Ажы бийдин Күрөңү дейт. Бул ат Алмамбеттин баамында ар кандай сапар минсе да, аздырбас эрдин бирөөнү, өөдө жерде сайышса, өчмөндүү жоого салышса, өксүп кийин калбаган, чыңк өөдөгө чуркаса, шыпырылтып салбаган бөктөргөлүү мал экен, куюшкансыз минсе да, куюлма шагыл, кум ылдый куюндатып кирсе да, кыр аркадан өтпөгөн, кыл жалына кетпеген аркасы бийик мал экен, мээ кайнаган ысыкта, белсенишкен кысыкта, кырк күн жүрсө чапкылап, суу бүтпөгөн жазыкта суусабай турган мал экен, тулпардык жайы бар экен. Бул Күрөң туурдугу туурулбас, туурасы түптөн суурулбас туягы чулу мал экен, алты айлык жерден бет алса, бир изин жаза баспаган, айгай укса шашпаган, жумурунун учунда жудуруктай майы бар экен. Кыргыз, казак кытайга урушка кирсе бул ат жал-куйругун чачпаган, кылайып чөптү чалдырбай, оозунан суулук алдырбай, жасоого минсе кырк күнү арыктап карды ачпаган, азар түмөн жылкы алып, астына салып айдаса жаман жолго баспаган, атасы бүткөн кайыптан, аркар сындуу мал экен. Ушул Карткүрөң атты алып бер деп сурайт Алмамбет Манастан.
Алмамбет баштаган колдун жол жүрүшү. Улуу баяндан 8 факт
Ажыбайдын Карткүрөң. Муну угуп Эр Манас шашып калат, Ырчы уул менен Бозуулду Ажекесине аттантат. Күчүн сурап Күрөңдүн чалгынчыга берсин дейт. Экөө кирер менен Ажы бий айттырбастан неге келишкенин билет. Тигилер сиздин атыңыз биз билбеген менен, көрүнбөй жүргөн менен дүйнөдө жок мал экен, аны Алмамбетке чалгынга мингенге бериңиз деп суранат. Муну угуп Ажеке кандар да бизден сурайт деп, каткырыгын салат, Бек Алмамбет сураса, берен калсын Күрөң ат, табылабы жылкынын мындан артык эсеби деп, кокус Карткүрөң колдон чыкса, бир байталдын тезеги, чылбыры тутам, боосу жок, чын дүйнөгө барганда сыңар чака доосу жок деп айтып, Алмамбеттин анын атын көргөн көзүнөн айланат, керек десе атымды эмес, жанымды беремин дейт. Куюндан бүткөн Карткүрөң колуна тийген соң көргөндөн көңүл ийилип, көпкөк темир кийинип, сыр найза колго кармашып, кытайдын жерин чалууга кыраандар кетти аттанып. Артынан Бакай кароолго жөнөдү.
Ордодон от чыкты. Чалгынчылар кеткен соң калабалуу Кыргыл чал кырк жигитти баштап ордо оюнга кирет. Кыргылы карысы, Абдылдасы башчысы болуп жыйырмадан бөлүндү. Кыргыл чал ортого төрт байтал койду. Бир кез Кыргыл чал жолдошу менен уттуруп барат, Абдылданын жолдошу аткычыл экен утуп барат, алдык дешип байталды кубанып барат. Ажыбайдын балдары атты. Көмүскөдө кан калат. Кадыр, Жайнак, Шууту, Түмөн, Кадыр, Бозуул болуп канды томпой менен атып, акыры сөздөн сөз чыкты, оюндан от чыкты. Ырамандын Ырчы уул менен Бозуул айтыша кетти, ортодон Алмамбет жөнүн талаша кетти, эскилерин козгошот. Бир убак ордо оюну ойрон болду, ашыктын баары чачылды, ал жердеги көй баатыр ат атына асылды. Ырамандын Ырчы уулу Аралда жаткан Чубакка айкырып барып "нойгуттан сен болсоң, тейиттен мен болсом, сени кудай урбайбы, кытайдан келген кызыталак Алмамбет кулдан кем болсоң, кылчу өнөрдүн баарысын кытайдан келген кул алды" дейт. Алмамбеттин жол өкүмүн, кол өкүмүн алганын, эми болсо чалгынды да ошол чалганын айтып көкүтөт. Акбалтанын Чубагы бул сөз анык дегендей ачууланып калды. Анан эле туягын жерге мылгыткан, тумарын көккө ыргыткан көрктүү күлүк Көктекесине көмкөрө ээр, көк токумун токуп, чарайнасын тартынып, соот, калкан, кыягын, сом темирин артынып, аман кантип коём деп, артынан жетип акыры, Алмамбет кулду соём деп, нойгуттарды атка мингин деп чыкты. Барабанын барс коюп, мылтык атып тарс коюп, доолбасты карс коюп, Акбалтанын Чубагы Алмамбеттин артынан нойгуттарын ээрчитип жөнөп калды бу дагы.
Бакайдын Чубакты тоскону. Кароолдо жүргөн Эр Бакай алыстан эле Чубактын аскерин көрүп кол бузулган экен деп Коёнбоз менен тепеңдеп, ак сакалы сеңселип, ак күбө тонду белсенип, Арстан Манас алдына келди. Эрегиш чыгып калганын, нойгуттун оён Чубагы Алмамбеттин артынан кеткенин баатырга кабатырлана айтат. Манас катуу ойлонот, ачуусу келет, не кыларын билбей толгонот, акыры абакеси Бакайга "акылга дыйкан өзүңүз, аскердин болгон бузугун көрүп турат көзүңүз, Аккула атты жетелеп, Акбалтанын уулунун астына баргын өзүңүз" деп айтып, анын сөзү калабалуу катуу жерде, талаштуу тар жерде дары экенине ишенгенин айтат өзүнө. Манастын кебин угуп, Аккула атты кындыйтып Бакай жөнөп барып Чубакка акылын айтмак болду. Акбалтанын Чубагы абакеси Бакайды алыстан көрө салып, Аккула тартуусуна таңыркай, бир кыйлага апкаарый түштү. Экөө жолукканда, не келгенин билгенде Чубак "ногойдон – Манас, нойгут – мен, ойлонгун Бакай, муну сен, Манас деген канкоруң, дүйнөдөн көрбөдүм бенденин мындай анткорун, Аккула атын жетелеп, астымдан, аба, чыкпасаң, кеттим эле бузулуп" деп туруп калат. Чыландынын оюнда, Чылаба кандын тоюнда кытай, кыргыз каршылашып, кытайлар көптүк кылганда ушул Чубак он үчүндө кытайдын алты алпын сайып жыкканын айтып, Бакайга "жалган беле, чын беле, ушу турган Чубактан, урганың Манас тың беле, ногойдон нойгут кем беле, Чубактан Манас эр беле, көрбөгөн Бакай сен белең" деп келип, Темирдиктин оюнда, Тейиш кандын тоюнда каткалаңдын Сайкалы Манасыңдын башына акыры заман саларда, азуулуу камандай чала турган болгондо, намысыма келип ажыратып калганым ырас беле, Бакай аба, дейт. Анан да Чубак Айчак дөөнүн баласынан Манасты ажыратып калганын, Ташкендеги Панус кандын калаасын Манаска алып бергенин айтат. Колдун Алмамбеттин ордуна Бакайды кол башчы кылбаганына нараазы болгонун, жолдо кытайдын койгон каны аскерлерди кыйнаганын, кыргызды кыйратмак болгонун айтат. Дагы айтат, көп нерсе айтат, арманын, бугун айтат. "Тоспогун, Бакай, жолумду, касиеттүү карымсың, кармабагын колумду, калтырып коюп бул иштен кайнатпагын шорумду, астымды тоспой коё бер, Алмамбет кулдун соңунан, аламан коюп жөнөйүн, Анжыдан келген бир кулдан ажалым жетсе өлөйүн" дейт.
Алмамбет баатырдын кан көтөрүлүшү, анын аскер башчы болушу. Улуу баяндан 6 факт