"Банктанбыз" деп чалган алдамчылар көбөйдү. Милиция эскертүүчү ролик таратты

Банктык карталарды колдонуу менен ар кандай акча операцияларын жүргүзүүдө этият болуп, алдамчылардын тузагына түшүп калбоону ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы эскертти.
Sputnik
Бул боюнча тартип сакчылар атайын ролик даярдаган.
Киберкылмышкерлер интернетте алдамчылыктын жаңы түрлөрүн ойлоп таап жаткандарын, андыктан алардын курмандыгы болуп калбаш үчүн ичи бузуктардын ыкмаларын жакшы билүү керектигин эскерткен.
Эске ала турган нерселер:
Пайда табыш үчүн аккаунттарды бузуп, тааныштар аркылуу кат жөнөтүү. Киберкылмышкерлер почтага же социалдык тармактарга баракча ээсинин туугандарына жана досторуна тез арада акча каражатын которуу өтүнүчүн жазып, ар кандай кырдаалдарды ойлоп табышат;
Кайрымдуулук, туроператорлор же авиакомпаниялардын жасалма веб-сайттары аркылуу иш кылышат. Дагы бир көңүл буруп койчу жагдай, маселен, "оорулуу" баланы дарылоо үчүн тез арада акча чогултабыз, арзан баадагы ар кандай жолдомолорду беребиз дейт да, чет элдик банк эсебине же электрондук капчыкка акча которууну өтүнүшөт;
Пайдалуу киреше сунуштары. Алчы-таасын жеген алдамчы жумуш берүүчүлөр билимди талап кылбай, алыс аралыкта иштөөнү сунушташат. Уюштуруучулук муктаждыктарын төлөө үчүн алдын ала акча талап кылынат. Адам акча которуп бүтөр менен эле жасалма уюм жок болот.
Соңку күндөрү "банктан чалып жатабыз" деген алдамчылык активдешүүдө, андан да абайлоо керек.
Карточкадагы же банк эсебиндеги акча жоголуп калчудай шектүү иштер болуп жатат деген арбоо менен "банктын коопсуздук кызматы" болуп чалышат.
"Эсепти калыбына келтирүү жана акчаны кайтаруу үчүн аларга жеке маалыматтар, карта номери керек" дешет. Андай учурда банкка кайра чаларыңызды айтыңыз", — деп кеңеш берди милициядан.
Тартип сакчылар банктык карталар менен ар кандай акча операцияларын жүргүзүүдө этият болууну эскертишти.
"Белгисиз адамдар тарабынан жөнөтүлгөн шектүү шилтемелерге кирбеңиздер, эч качан эч кимге банк картасынын номерин жана паролун (сыр сөзүн) бербеңиз, жеке маалыматтарды ачыкка чыгарбаңыз", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.
Тема боюнча:
Картадан акча шыпыргандар көбөйдү. Алданган жигиттин сабак болчу окуясы