БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Астанада митинг уюштурган Жанаозендин жумушчуларынын баары бошотулуп, бүгүн үйүнө кайта турганын демилгелүү топтун өкүлү билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстандын маалыматында айтылат.
Бирок борбор калаада "КазМунайГаз" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10 жумушчу калат. Алар ишке орношуу боюнча маселени аягына чыгармакчы.
Анткен менен Sputnik Казакстан Жанаозенде абал тынч эмес экенин жазууда. Эртең менен тургундар жолду тосуп алышкан, андан соң аларды кармап кетишкен. Полиция бөлүмгө алып келинген пикетчилерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлө турганын айтты.
Эскерте кетсек, 11-апрель күнү Астананын аянтында акция уюштурган мунайчыларды уруксатсыз митинг өткөргөнү үчүн укук коргоо органдары кармап кеткен. Аны уккан Жанаозендин жашоочулары акимиаттын алдына чогулуп, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан.
Митингдин себеби
Жанаозенден жумушчулар дүйшөмбү күнү келип, Энергетика министрлигинин алдында түнөшкөн. Алар — мурдараак "КазМунайГаз" улуттук компаниясынын туундуу фирмасынын мунай кызматтарын аткаруу тендеринен утулуп калган "БерАли Мангистау Company" уюмунун мурдагы жумушчулары. Алгач тендердин жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, кийинчерээк "Озенмунайгаз" акционердик коомуна ишке орноштуруу боюнча ультиматум коюшкан.