90 жашка чыкмак. Мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин сүрөттөрү

Бүгүн — көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Абсамат Масалиевдин туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги быйыл 90 жылдыгы белгиленип жаткан ал саясатчынын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникумунда, андан соң Москвадагы тоо-кен институтунда окуп, эмгек жолун көмүр шахтада иштеп баштаган.
Кийин бир катар ишканаларда иштеп, Алматыдагы Жогорку партиялык мектепте эки жылдай билим алат. Бир катар саясий кызматтарды аркалап, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчылыгына чейин жетип, өлкө башында алты жылдай турган.
Кыргыздын чыгаан уулу 2004-жылы 71 жашында көз жумган.
1 / 16

Жаш жигит Москвадагы Сталин атындагы Тоо-кен институтунда билим алып жүргөн кез. 1955-жыл

2 / 16

Масалиев эмгек жолун Баткен облусундагы шахталардын биринде баштаган

3 / 16

Мамлекеттик ишмер 1969-1971-жылдар аралыгында Таш-Көмүр шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген

4 / 16

Партиялык кызматкер 1979-1985-жылдары Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы болгон

5 / 16

Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы Масалиев менен Финляндиянын президенти Койвисто. Чолпон-Ата шаары, 1987-жыл.

6 / 16

Ал мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөн

7 / 16

Кыргыз ССРинин башында турган Масалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен

8 / 16

СССРдин курамына кирген союздук республикалардын жетекчилери. Солдон оңго: Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев, Абсамат Масалиев. 1989-жыл, Алматы шаары.

9 / 16

Эл аралап карапайым калкка жакын жүргөн аткаминер. Масалиев кезинде Фрунзе, Ош, Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр, Каракол шаарларында жетектөөчү кызматтарды аркалаган.

10 / 16

СССРдин Жогорку Советинин эки чакырылышына депутат болуп шайланган

11 / 16

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Кремлде доклад жасоодо. Москва шаары,1986-жыл.

12 / 16

Финляндиядан келген меймандарды коштогон Масалиев. Чолпон-Ата шаары, 1987-жыл.

13 / 16

Коммунисттердин Москвадагы жыйыны. Масалиев узак убакыт Кыргызстан коммунисттик партиясын жетектеген

14 / 16

Масалиев союз тарагандан кийин да саясий аренадан кеткен эмес. Ал Жогорку Кеңеште депутат болгон, өкмөттө да иштеп калган.

15 / 16

Аткаминер жубайы менен эки уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

16 / 16

КРдин Баатыры 2004-жылы 71 жашында кайтыш болуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилген

Тема боюнча:
Кокту-колот, талаа-түздө иштеген кыргызстандык геологдор. Архивдик сүрөттөр
Космонавттарды даярдаган даңазалуу кардиолог. Мирсаид Миррахимовдун сүрөттөрү
Япондорго илбирс ичик жаап... Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин түптөлгөн күнү
Окуйм деп борборго бир жумада араң жеткен. Айша Карасаеванын сүрөттөрү