Sputnik Кыргызстан агенттигинде Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри, JIA бизнес-ассоциациясынын укуктук кеңешчиси, юрист Калыгул Салиев жана Кыргызстандагы курулуш компанияларынын биринин башкы директорунун орун басары Эрмек Акматов болду.
— Көп кабаттуу турак жайларды үлүштүк негизде куруу жөнүндө жобо жазылууда. Эми үй толук бүткөндөн кийин гана сатыкка коюлат. Буга банк гарант болушу керек дешүүдө. Ал курулуш секторуна, жалпы карапайым калктын үйлүү болушуна кедергисин тийгизбейби?
Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык бейтарап сотунун арбитри, JIA бизнес-ассоциациясынын укуктук кеңешчиси, юрист Калыгул Салиев
© Sputnik / Акбар Акжигитов
Калыгул Салиев: — Негизи бул маселе үч жылдан бери коомдун бүйүрүн кызытып келет. Анткени адам баласы үчүн жеген тамагы, кийген кийиминен кийинки зарылчылык — үстүндөгү чатыры. Негизинен социалдык муктаждык чечилбесе болбойт. Муну бизде курулуш сектору чечип келе жатат. Урбанизация, ички миграция, жумушсуздуктан улам борборго агылган калктын саны көбөйдү. Бул көрүнүш шаардан үйлүү болууга муктаждык жаратат. Суроо-талап болмоюнча сунуш болбойт. Андыктан курулуш сектору да дүркүрөп өнүгүп жатат. Курулуш компанияларынын арасында элдин акчасын алып, алдап кеткендер да жок эмес. Ошолордун айынан ушундай демилге көтөрүлдү. "Алгач эл акчасын банкка салып, курулуш компаниялары үйдү өз эсебинен куруп бүтсүн, андан кийин банк акчаны которуп берсин" деген сөз былтыртан бери көтөрүлүп келе жатат. Бирок курулуш компаниялары тарабынан каршы пикир айтылып, азыр жобо жазылып бүтө элек. Кабыл алынар алдында бизнес-сектордун суранычы эске алынып, кийинкиге жылдырылган. Азыр талкууда. Эгер "эл акчаны банкка төлөп, компаниялар өз эсебинен үй курсун" десек, анда секторду талкалап алабыз. Мында компаниялардын 60-70 пайызы банкротко учурашы мүмкүн. Мунун арты менен канчалаган киши ишсиз калып, бөлүп төлөө менен алган үйүн күтүп жаткандар батирсиз калышы ыктымал. Акырында күчтүү бир-эки компания калып, батирлер абдан кымбаттап кетет. Монополизациядан улам эркин атаандаштык жокко чыгышы мүмкүн. Кайра эле коомдун акча төлөөгө мүмкүндүгү бар катмары гана үй сатып алат. Калган карапайым калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү азаят. Дароо үй сатып алууга баарынын мүмкүнчүлүгү жок. Эл бөлүп төлөп, үч жыл ичинде гана үйлүү болуп жатпайбы. Бул дагы жакшы формула. Ошон үчүн калыптанып калган бул тажырыйбаны жокко чыгаруу туура эмес. Азыр мамлекеттик курулуш мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте банктын пайызын азырынча жобого киргизбей турууну сүйлөшүп жатабыз. Эки тарапка тең зыян келбегидей жобо иштеп чыгуу керек. Алдап кеткен курулуш компанияларына бөгөт болуп, адамдардын акчасын сактап, укугун коргоп берүү үчүн "ак ниеттүү курулушчулардын реестри" деген түшүнүк киргизилип жатат. Тиешелүү мекеме текшерип көрүп, талапка жооп берген компаниялар гана реестрге кирет.
Эрмек Акматов: — Чындыгында, бул маселенин көтөрүлүшү, жобонун иштелиши акыркы он жылдан бери пайда болгон шылуун курулушчулардын элди алдап кеткен кесепетинен болууда. Азыркыга чейин соттошуп жүргөндөр бар. Документтин курулуш компанияларына да ылайыктуу, пайдалуу жактары бар экен. Ошол реестр — бир батирдин бир нече адамга сатылып кетишин алдын алып, көптөгөн маселелерди чечкенге жардам берет. Ал эми мамлекеттик банктардан насыя алып курулушка салуу турак жайдын баасына кедергисин тийгизет. Анткени андагы көрсөтүлгөн пайызды компания элдин сатып алуу акчасына кошууга аргасыз болот. Болжолдуу түрдө бул деле батирди 20-30 пайызга кымбаттатат. Биз буга чейин эле мигранттарга, карапайым калкка жардам болсун деген ниетте жеңилдетип, батирлерди жети жылга чейин бөлүп төлөө менен сатып жатканбыз. Эгер ушул жобо ишке ашып калса, курулуш жаатын катастрофалык абалга кептейт. Муну этап-этабы менен алып барган туура. Эскроу эсебин колдонуу (Эскроу – банкнота жана аккредитивдердин альтернативасы. Аны кымбат нерсе сатып алуу же сатуу керек болгондо колдонсо болот: кыймылсыз мүлк, унаа ж.б.) азырынча кыргыздарга эрте. Ушу тапта сатып алуучулардын мүмкүнчүлүгүнө тууралап шарт түзүп берип гана иштеп келе жатабыз.
— Калыгул мырза, сиз жогоруда кабыл алына турган жобонун артындагы бир катар тобокелчиликтерди белгиледиңиз. Ошол эле монополизация маселеси, курулуш секторунун кыйрап жок болушун айттыңыз. Муну өкмөт эске албай жатабы? Жобо мамлекетке канчалык деңгээлде пайда алып келиши мүмкүн?
— Өкмөт мунун баарын эске алып жатат. Болбосо саясий чечим менен муну үч жыл мурда эле кабыл алып коймок. Министрлер кабинети менен жолукканда биздин оюбузду да угуп, эскроу эсебин алып салууга да макул болушкан. Бүгүн эки тарапка тең зыян келтирбегендей иштеп жатабыз. Муну өкмөт жалгыз эле өз атынан чыгарып жаткан жок. Мурунку жобосу өтпөй, эми жаңысын иштеп чыгууга курулуш компанияларынын өкүлдөрү да катышты.
— Курулуштун канча бир пайызы бүтмөйүнчө сатыкка койбоо талабы да киреби?
К.С.: — Жумушчу топтун алкагында талкуу жүрүп жатат. Курулуштун жер төлөсү бүткөнгө чейин, башкача айтканда, нөлгө чыккыча компания өз эсебинен куруп, кардар акчасын банкка төлөп турат. Андан кийин гана компания сата баштайт. 2-кабаттан кийин баланча пайызы, 3-4 кабаттан кийин баланча пайызы банктан берилсин деген да сунуштар айтылууда. Мунун баары талкууда. Ага юристтер, экономист, финансисттер катышып жатат. Эки тарапка тең зыяны тийбегендей долбоор болушу керек. Министрлер кабинетинин кабыл алган жобосунан да жогору турган Жер, Турак жай кодекстери бар. Аларга да туура келиши керек. Шашылыш кабыл алынып калган чечим жарабайт. Болочок батир ээлеринин кызыкчылыктары да камтылат. Ыйлап-сыктап үй алып жаткан адамдарды, ошол эле убакта Түркияда болуп өткөн окуяны эске алып, коопсуздукту да ойлош керек.
— Ушул жобого сиздер кандай сунуш берет элеңиздер?
Э.А.: — Каржычылар, эксперттер, юристтер баарын эсептеп, анализдеген жобо түзүп берсе иштегенге даярбыз. Бул жерде курулушчулардын кызыкчылыгы да эске алынарына ишенебиз.
Кыргызстандагы курулуш компанияларынын биринин башкы директорунун орун басары Эрмек Акматов
© Sputnik / Акбар Акжигитов
— Бул жобо ишке кирип калса көп компания токтоп калышы мүмкүн да. Канчасы иш алып кете алат деген божомол бар?
К.С.: — Отурукташып калган курулуш компаниялары толук деңгээлде иштеп кетерине ишенем. Айрымдар "акча көп экен" деп кызыгып, экиден бириге калып эле компания ачып алышат. Курулушта көп кыйынчылык бар экенин эске албай калышат. Ушундайлардын орто жолдон курулушу бүтпөй, токтоп калгандар аз эмес. Бул болуп эле жатат. Негизинен мурунтан курулуш тармагында иштеп жүрүп, кийин компания ачкандар системалуу туура иш алып барган деп эсептейм.
— Жобонун негизинде банктын иши кандай жүрөт? Курулуш компанияларына дароо ири суммадагы акча бере алабы?
К.С.: — Берилген сунуштарда банктын өзүнүн акчасы эмес, батир алуучу үлүшкерлердин акчасын чогултуп (аккумуляция) алып, анан белгилүү этап бүткөн соң берилсин деген сунуш айтылып жатпайбы. Ошол эле учурда банктар кошулбасын деген да пикирлер бар. Чоң суммадан ошончо комиссия төлөнөт. Компания да жок жерден комиссия төлөп калууну каалабайт. Ал элдин чөнтөгүнө түшүп калышы ыктымал. Ошондуктан банктар менен өз алдынча отуруп чечүү керек. Эсептеринин да түрү бар. Мисалы, депозиттик эсеп. Экинчиден, мамлекеттик банктарбы же жеке комерциялык банктарбы? Ушу маселени да чечүү керек. Же тандоо эркиндиги курулуш компаниясында болобу? Негизи ушул туура болмок. Бир чети үлүшкерлердин акчасын чогулткан банк акчаны жүгүртмөгө киргизип салса каалаган убакта бере албай калышы мүмкүн. Ал курулушка кедергисин тийгизип, иш процессин үзгүлтүккө учуратат.
— Эл аралык практикада кандай болгону тууралуу маалыматыңар барбы?
К.С.: — Жобону негизинен мамлекеттик курулуш мекемесинин кызматкерлери жазып жатат. Бизге үлгү катары Россиянын жана Өзбекстандын системасын көргөздү. Бирок Россияда эскроу эсеби бар. Ал туура келбейт. Бүгүнкү күндө Өзбекстандын системасы бизге жакын. Анткени менталитет, жашоо абалыбыз да жакын. Бирок аны толугу менен көчүрүп албай, Кыргызстандын табиятына жакын жобо болушу керек. Жалпы жонунан бул министрлер кабинетинин жобосу катары эмес, мыйзам катары кабыл алынышы керек болчу. Мыйзам болгондо президент жана Жогорку Кеңеш да карамак.
— Учурда баа менен батирлердин сапаты айкалышып жатабы?
Э.А.: — Биз баа менен сапатты айкалыштырып, калктын орточо катмарына ылайыктуу коюп беребиз. Мигранттардын биринчи эле максаты — үй алуу. Ага колдон келишинче өбөлгө түзүп берүүнү көздөдүк. Азыр салынып жаткан үйлөрдүн сапаты ар бир этап сайын текшерилип турат. Автордук, техникалык жана лабораториялык сынактардан өтөт. Кандайдыр бир бузуулар болсо оңдоп-түзөөгө аракет жасалат. Андан кийин гана кол коюлуп, колдонууга уруксат берилет.
— Батирге болгон баа атаандаштыктан улам кармалып турганын жакшы билебиз. Ошол учурда геосаясат, айрым логистикалык маселелери да курулуш материалдарын кымбаттатып жатат. Учурда баа саясаты кандай болууда?
Э.А.: — Смета түзүлүп жатканда кокустуктар эске алынат. Курулуш материалдарынын кескин кымбатташы, пандемия, анан геосаясий абал да кесепетин тийгизип бааны 20 пайызга чейин жогорулатууга аргасыз болдук. Кетип жаткан чыгымдар да жабылышы керек эле. Буга чейинки келишимдер боюнча курулуп жаткан үйлөр мурунку баа менен курулду. Баа саясаты компаниянын кожоюндарына жана койгон приоритеттерине да жараша болот. Баанын өсүшү — үйдүн курулуп бүтүшүнө, мөөнөткө бир аз таасирин тийгизди.
— Сатып алуучулар көп убакытка күтүп же орто жолдо калган учурлар бар. Булардын укугу кандай корголуп жатат?
К.С.: — Мыйзамда бул каралган эмес. Мындай компаниялар бар. Буга ар кандай себептер болушу мүмкүн. Бирок алдап кеткендердин маселеси башка. Алданып калган үлүшкерлер алдамчылык беренеси менен укук коргоо органдарына кайрылса болот. Арест коюлгандыктан курулуш созулуп кеткен учурлар көп. Себеби сот же укук коргоо органдары жерге жана компаниянын банктык эсебин камакка алып койсо кыймыл токтоп калат. Ошол себептен олуттуу сатып алуу болуп жаткандан кийин курулуш компаниясынын тарыхын, курган үйлөрүнүн сапатын карап, керек болсо юрист ээрчите барып, келишимин окутуш керек. "Жакшы райондон куруп жатыптыр, борбордун ортосунда экен" деп эле кызыгып ала койбостон бардык жагын карап, анан чечим кабыл алуу керек.
— Жобо качан кабыл алынат?
— Жобонун долбоорун даярдоого бир ай убакыт бар. Ошол аралыкта сунуштарыбызды берип, бардык тараптын кызыкчылыгын камтыган жобо кабыл алынып калса жакшы.