Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

CNN: Киев сыр документтер чыгып кеткендиктен "аскердик планын" өзгөрттү

Бейшемби күнү ЖМКлар Пентагон сыр материалдардын соцтармакка жайылып кетишин изилдей турганын жазышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн абалын сүрөттөгөн сыр документтердин сыртка чыгып кетишинен улам Украина өзүнүн кээ бир "аскердик пландарын" өзгөрттү. Бул тууралуу америкалык CNN телеканалы өзүнүн ишенимдүү малымат булагына таянып (президент Владимир Зеленскийге жакын киши) кабарлаганын РИА Новости жазды.
"Маалымат сыртка чыгып кеткенине байланыштуу Украина кээ бир пландарын өзгөрттү", — деген ал.
Телеканал кандай өзгөрүүлөр экенин жана анын масштабын тактаган эмес.
Бейшемби күнү ЖМКлар Пентагон сыр материалдардын соцтармакка жайылып кетишин изилдей турганын жазышкан. Анда Украинанын аскерлеринин абалы жана АКШ менен НАТОнун аларды бекемдөө боюнча планы жазылган. The New York Times басылмасы марттын башындагы даталар коюлган документтер "россиялык өкмөткө караштуу телеграм-каналдар" аркылуу чыгып жатышы мүмкүн экенин белгилеген.
Жума күнү документтердин жаңы топтому чыкканы белгилүү болду. Басылманын маалыматына караганда, интернетке жайылган документтердин саны 100дөн ашышы мүмкүн. Чыгым жетишерлик деңгээлде деп бааланууда. Анткен менен Рейтер агенттиги жекшемби күнү америкалык аткаминерлерге шилтеме кылып Украинанын аскерлери боюнча тийиштүү сыр материалдар жасалма болушу мүмкүн экенин жазды.
Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков сыр маалыматтардын чыгып кетиши боюнча суроого жооп берип жатып Москванын АКШ менен НАТОнун жаңжалга түз же кыйыр тиешеси бар экенинен күмөнү жок экенин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: НАТО өлкөлөрүнүн ортосунда Украина боюнча чоң пикир келишпестик бар