Лейлекте аз камсыз үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилди

Буга чейин 100 миң сомдон социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн өндүргөн продукцияларынын көргөзмөсү да болду.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. – Sputnik. Бүгүн, 8-апрелде, Лейлек районунда жакыр жашаган жана аз камсыз болгон 96 үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырылды. Бул тууралуу облус жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 8-апрелде, Лейлек районунда жакыр жашаган жана аз камсыз болгон 96 үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырылды.. Архивдик сүрөт
Каражат бир жолу берилүүчү социалдык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында ыйгарылды.
Мамлекеттик долбоордун максаты – аз камсыз үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен жашоо сапатын жакшыртуу.
Бүгүн буга чейин 100 миң сомдон социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн өндүргөн продукцияларынын көргөзмөсү да болду.
Ишкерлерге 2% менен 100 млн. сомго чейин насыя бериле баштады. Жол-жобосу