БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Эртең мененки тамакты өз учурунда ичүү чоң мааниге ээ. Бул боюнча россиялык диетолог Татьяна Жаровская Sputnik радиосуна айтып берди.
Адис көпчүлүк таңкы тамакты түшкө жакын жегенди адат кылып алгандыгына токтолуп, бул көрүнүш адамдын толуп кетүүсүн шарттай турганын билдирген.
"Адамдын ден соолугу, сырткы келбети көп учурда тамактануу тартибинен көз каранды. Көп кишиден эртең менен тамактанбай, жумушка келип түшкө жакын бир нерсе жейм дегенин угам. Бул дене мүчөнүн сакталышына, тамак сиңирүү системасына терс таасирин тийгизет, мындайда адам толуп кетиши мүмкүн. Зат алмашуу системасы бузулгандыктан ар кандай оорулар да келип чыгат", – деген Жаровская.
Дарыгердин айтымында, саат 08:00гө чейинки убакыт эртең мененки тамак үчүн эң ылайыктуу.
"Организм биологиялык саат менен жашайт. Кайсы учурда ал тамакты жакшы сиңирет, кайсы учурда уктаганга ыңгайлашат, муну баары ошого байланыштуу. Окумуштуулар таңкы саат 05:00дөн 08:00гө чейинки убакытта тамак сиңирүү органдары жакшы иштеп, азыкты кабыл алууга даяр турат деп аныкташкан", — деп түшүндүрдү адис.