Канга боелгон көчө, өрттөлүп тонолгон калаа... Апрель революциясы сүрөттө

Мындан 13 жыл мурун 7-апрелде өлкөдө элдик революция болуп, анда жүздөн ашык адам окко учуп, миңден көп киши түрдүү жаракаттарды алган. Sputnik Кыргызстан агенттиги каргашалуу окуядагы ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Аскар Акаев бийликтен 2005-жылы кеткенден кийин анын ордуна келген Курманбек Бакиев өлкө башында турган жылдары электр жарыгы байма-бай өчүрүлүп, уюлдук байланыш, коммуналдык кызматтарга болгон баа жогорулаган. Ошондой эле президенттин жакындары жогорку кызматтарга дайындалып, Бакиевдер мамлекеттик башкаруунун ар кыл бутактарына келген. Ал жылдары буюртма адам өлтүрүүлөр, журналисттерге кол салуулар көбөйүп, жогору жактагылар менен криминал табакташ болуп калган.
Ошентип 2010-жылы журт башындагыларга нааразы болгон эл көчөгө чыгып, апрель айында Бакиевдерди бийликтен кубалаган. Анда "Ала-Тоо" аянтында 87 адам көз жумса, 36сы кийин каза болгон. Миңден ашуун киши жаракат алган.
7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү болуп саналат.
1 / 17

Элдик толкундоолор алгач Талас облусунда башталган. Облустук администрацияны курчоого алган милиция кызматкерлери.

2 / 17

Бардыгы ал кезде оппозициялык деп эсептелген КСДПнын штабы жайгашкан "Форум" имаратынын жанында башталган

3 / 17

"Ала-Тоо" аянтына жакындап келе жаткан эл

4 / 17

Анда эл да, милиция да чоң жоготууга учураган

5 / 17

Митингге чыккандар милиция кызматкерлерин коргоп, кагылышуу болгон жерди таштап кетүүгө жардам берген

6 / 17

Ак үй тараптан атылган октон жабыркаган жаран жана аны коопсуз жайга алып кетүүгө аракет кылгандар

7 / 17

Өрттөнгөн унаа, талкаланган тосмо, нааразы болуп көчөгө чыккан эл

8 / 17

Чогулган эл Бакиевдердин бийликтен кетүүсүн талап кылган

9 / 17

Ак үйдөгүлөр качып жөнөгөндөн кийин мамлекеттик органдар өз ара толук кандуу координацияланбай калган

10 / 17

"Ала-Тоо" аянтынын жанында өрттөлгөн Башкы прокуратуранын имараты

11 / 17

Түнгө чукул эл Өкмөт үйүн "алып" көчөдө башаламандыктар да болгон

12 / 17

Бакиев Бишкектен түштүк аймакка качып, ал жактан өзүн колдогон митинг уюштурган. Сүрөттө Бакиевдин жан сакчылары.

13 / 17

Мародерлор Бакиевдин үйүн талкалоодо

14 / 17

Башкы прокуратуранын имаратынын алдында кылмыш иштери боюнча кагаздарды окуп жаткандар

15 / 17

Элдик толкундоодо окко учуп каза болгондорго багыштап куран окуган жарандар. Анда жалпы 123 адам көз жумган.

16 / 17

Ал күнү каза тапкандардын баары 10-апрелде "Ата-Бейитке" коюлган

17 / 17

Кичи мекенине качып барган Курманбек Бакиев айылдаштары менен. Кийин сот Бакиевди сырттан өмүр бою эркинен ажыратып, жаш курагына абйланыштуу өкүм 30 жылга алмаштырылган.

Тема боюнча:
Жаалданган эл, Акаевди бийликтен кетирген ыңкылап. 24-марттагы окуянын сүрөттөрү
Япондорго илбирс ичик жаап... Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин түптөлгөн күнү
Көчөт тигип, жер айдап, көчкөнгө камынган кыргыздар. Жаздагы жылуу сүрөттөр
Афганистандагы согушка катышкан кыргызстандык жоокерлер. Сүрөт түрмөк