Гинеколог этек кир келген учурда ооруну пайда кылган жагдайларды атады

Айыз учурундагы ооруга чыдап жүрө бербеш керек.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Акушер-гинеколог Юлия Вербовая эмне үчүн көпчүлүк кыз-келиндердин этек кири келген учурда ар кайсы жери ооруп, кыйналарын "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде айтып берди.
Айыз учурунда ооруну пайда кыла турган жагдайлар:
тамеки тартуу;
узакка созулган стресс;
түнт мүнөз жана жалгыздык;
психологиялык туруксуз абал.
Адистин айтымында, мунун баары ден соолукка терс таасир этип, гормоналдык өзгөрүү болгон учурда дароо организмди кыйнай баштайт.
Ошондой эле адис этек кирдин оор өтүшүнө айрым гинекологиялык оорулардын себеп болорун кошумчалады. Мисалы, аденомиоз, эндометриоз, миома сыяктуу илдеттер дагы аялга дал ушул күндөрү өзү тууралуу белги берип турат.
Чарчоосу жазылбагандарда кандай оорулар болушу мүмкүн? Адистин түшүндүрмөсү