Пресс-борбор

Эксперт электр энергиясын Пакистанга эмес, ЕАЭБге сатууга чакырды

Кеп CASA-1000, Кыргызстандын Тажикстанга, Түштүк Азияга электр кубатын бериши туурасында жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Пакистанга электр энергиясын сатууну пландашынын өзүнүн тобокелдиктери бар, рынокту андан көрө Евразиялык экономикалык биримдикке жана Борбор Азияга буруш керек. Бул туурасында "Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун директору Кубат Рахимов айтты.
Ал Камбар-Ата ГЭСинин (КАГЭС) ишке киришинин Кыргызстан менен Казакстанга тийгизген пайдасы" деп аталган видеокөпүрөгө катышкан.
Иш-чарада "Электр станциялары" компаниясынын өкүлү CASA-1000дин тарифин колдонууда КАГЭС жылына болжол менен 230 миллион долларлык таза киреше түшүрөрүн айтты.
CASA-1000 — Кыргызстан жана Тажикстандан Пакистан менен Афганистанга электр кубатын жеткире турган электр өткөрүүчү линия.
"КАГЭС өзүн эгерде CASA-1000ге кошулса актайт деп айтылган. Менин пикиримде, бул өзүнүн өзгөчөлүгү бар долбоор", — деди Рахимов.
Ал Афганистан керектөөчү катары баш тартканын жана транзитер катары каларын билдирди.
"Мындай болгондо бүт долбоор бир гана керектөөчүгө, Пакистанга чейин кичирейет. Жасалган анализдер Камбар-Ата ГЭСи өзүн актоо маселесинде тигил же бул аймакка багытталган энергетикалык долбоорлор алсырап, аялуу болуп калуу ыктымалдыгы бар экендигин көрсөтүп жатат", — деди эксперт.
Ал 200 миллион калкы бар Пакистан атомдук энергетиканы активдүү колдонуп жатканын жана АЭСтин беш блогу иштеп, дагы экини ишке салуу алдында тургандыгын билдирди.
"Долбоорду талкуулоо учурунда Пакистан тарап өздөрү экспортер болууга даяр экендигин айткан жайы бар. Бул Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү үчүн күтүүсүз болду. Алар эмнегедир Пакистан электр энергиясынын нетто-импортчусу болоруна бекем ишенип алышкан", — деп белгиледи Рахимов.
Эксперт ЕАЭБге баш бурууга чакырды.
"Келгиле, биздин, ЕАЭБде түптөлүп келе жаткан электр энергиясынын, Борбордук Азиянын калыптанып жаткан рыногун карайлы. Ал жакынкы жылдары иштеп баштайт. Пакистан кыргыз электр энергиясынын нетто-импортчусу, баары сонун болот деп ишенип отура бербей коңшу турган келечекке карайлы", — деп кошумчалады Рахимов.
Пресс-борбор
Камбар-Ата-1 ГЭСине акча салса Казакстанга кандай пайда алып келет? Түшүндүрмө