РФ ТИМи Россия менен АКШ чатактын кызуу фазасында турганын айтты

Рябков АКШ үчүн Россиянын чечкиндүүлүгүн жеткиликтүү баалай билбегендик каргашалуу ката болуп каларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Россия менен АКШ чатактын кызыган учурун баштан кечирип жатканын РФ ТИМинин башчысынын орун басары Сергей Рябков Sputnik радиосунун обосунда айткан.
"Учурда Россия менен АКШ чатактын кызуу фазасында турат. Аталган мамлекеттин ар кыл багытта Россия менен гибриддик согушка кирип жатканын көздөн өткөрүүдөбүз. Бул согуштун кээ бир түрлөрү мурда болгон эмес, мурда кездешкен эмес, кансыз согуш мезгилинде да болушу мүмкүн эмес", — деген дипломат.
Ал азыр "тилекке каршы, өзөктүк чатактын кооптуулугу боюнча кептин көп чыгып жатканын" белгиледи. Рябковдун сөзүнө караганда, көп нерселерде "америкалык каршылаштар" акылга сыйгыс иштерди кылып жатат.
"Биздин америкалык каршылаштар көп маселелерде ишти ойлонбой, чагымчылык менен акылга сыйгыс ыкмалар менен жүргүзүп келет. Өздөрүнүн тантыраган жана эч нерсеге негизделбеген сокур сезими менен Россияны стратегиялык жактан жеңилүүгө дуушар кыларына ишенип алган. Бул алардын акылы жайында экендигинен шек санатат. Сөздүн түз маанисинде, от менен ойногондук", — деп кошумчалаган министрдин орун басары.
Рябков РФтин суверендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана мамлекеттүүлүгүнө тап койгондорго каршы Россия "бардык чараларды көрүп, бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланган" чечкиндүүлүгүн АКШнын жеткиликтүү баалай билбегендиги алардын каргашалуу катасы болорун белгиледи.
Дипломат андан мурда өз ара ымала бузулгандыгын жана ураганын айткан. Москва бул боюнча жоопкерчиликти Вашингтонго жүктөгөн болчу.
Россия тышкы саясаттын жаңы концепциясын бекитти