Telegraph: ОПЕК+ нефть казуунун көлөмүн азайтып Батышка эселеп сокку урду

Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. ОПЕК+ уюмуна мүчө болгон айрым мамлекеттердин нефть казуунун көлөмүн азайтуу чечими Батышка эселеп сокку урду. Бул тууралуу британиялык The Telegraph гезитинин баяндамачысы Мелисса Лоуфорд жазганын Газета.ru билдирди.
Лоуфорддун айтымында, биринчиден, нефтиге болгон баанын жогорулашы батыш мамлекеттеринде инфляцияны шарттайт. Экинчиден, Сауд Арабиясы Батышка далысын салып, Кытайды беттемекчи. Үчүнчүдөн, мунайдын кымбатташы Россияга карата санкцияларды жумшартып, Москванын кирешесин көбөйтөт.
Автор РФ нефтисинин баасын чектөө өтө кеч кабыл алынган чечим болуп калганын белгилеген.
Эскерте кетсек, ОПЕК+ уюмунун мониторинг комитети келишимдин шарттарын бекитип, 2023-жылдын соңуна чейин альянстын бир катар мамлекеттеринде (ичинде Россия да бар) казуунун көлөмү кошумча кыскарып, суткасына 1,66 миллион баррель гана казыла турганын билдирди.
Bloomberg: дүйнөлүк мунай тармагы түп тамырынан өзгөрүүгө тушукту