13 жашар кыздын зордукталышы. Жогорку сот мурдагы милиционерге өкүм чыгарды

Буга чейин шаардык сот биринчи инстанция кабыл алган чечимди жеңилдеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жогорку сот 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган мурдагы милиционерге акыркы чечимди чыгарды.
Укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкери 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Бишкек шаардык соту буга чейин аны алты жылга кескен. Экинчи милиционер жогорку инстанцияга даттанган эмес. Ал тогуз жылга эркинен ажыраган.
Бул иш боюнча "Дордой" базарынын күзөтчүсү дагы суралып, 10 жылга кесилген. "Ош" базары жактагы кафеде официант болуп иштеген бала сегиз жылга эркинен ажыратылган.
Эки милиционер (ошол кезде иштеп турушкан) коомчулукта чуу жараткан иш боюнча 2022-жылы кармалган. Президенттин администрациясы бул ишти көзөмөлгө алган. Натыйжада иштен айдалган милиционерлер 15 жылга камалган, үчүнчү кылмышкерге 10 жыл берилген. Кийин шардык сот мөөнөтүн кыскартып, бирин алты, экинчисин тогуз жылга кескен. Сот алардын жазасы эмнеге азайганын түшүндүрүп берген.
ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбеков кыз иштен кийин зордукталганын, милиционерлер жумуштан кийин эмне кылары боюнча отчет бербей турганын айтып коомчулуктун сынына кабылган.
Элдешпейт, компенсация 10 эсе көбөйөт. Зордукчунун жазасын оорлоткон мыйзам долбоору