БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Тамактануу аралыгы 12 сааттан ашкан учурда ден соолукка зыян келип, биринчи кезекте мээ жабыркайт. Бул тууралуу диетолог Анна Белоусова Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
"Эгерде 12 сааттан ашык тамактанбасаңыз, анда кандагы глюкозанын жетишсиздиги башталат. Бул жакшы көрүнүш эмес, анткени глюкоза көптөгөн клеткалар үчүн, биринчи кезекте мээ үчүн негизги азык болуп саналат. Кандагы глюкозанын кескин өзгөрүшү адегенде маанайдын бузулушуна, андан кийин органикалык кесепеттерге кептеши мүмкүн. Узак мөөнөткө "кандын ачка" болушуна жол берилбеши керек", — деген Белоусова.
Анын айтымында, кечки саат алтыда тамактанып, эртең мененкиге чейин тамактан баш тарткан учурда организм дээрлик 12 саатка ачка калат.
"Эртең мененки саат алтыда тамактансаңыз дагы ачка калган организм зыянга учурабай койбойт. Андыктан кечки саат алтыдан кийин тамак жеш керек", — деди дарыгер.
Ал кечинде жегенге быштак сыяктуу бөлмө температурасындагы жеңил, калориясы аз тамактарды сунуштаган.