Күлкү кайсы ооруга даба? Психиатрдын жообу

Күлгөндө иштелип чыккан гормондор адамдын дем алуу, тамак сиңирүү органдарынын, жүрөк-кан тамыр системасынын жакшы иштешине оң таасир берет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Россиялык психиатр Георгий Костюк РИА Новости агенттигине күлкүнүн организмге тийгизген пайдасын айтып берди.
"Эл аралык медициналык изилдөөлөр күлкү кандагы кантты азайтып, айрым гормондордун иштелип чыгуусунун натыйжасында артрит ооруларын жоюп же аны да азайтарын аныктаган. Мындан тышкары, ал адамдын булчуңдарынын тырышуусун, эмоционалдык кысылуусун жөнгө салат", — деди Костюк.
Адис күлкү иммуномодуляциялык таасири бар гормондордун иштелип чыгышын шарттай тургандыгын кошумчалады. Ал гормондор адамдын дем алуу, тамак сиңирүү органдарынын, жүрөк-кан тамыр системасынын иштешине оң таасир берет. Костюк көп күлгөн адам психологиялык жактан да, денесинин да бат чарчап калышын алдын аларын белгиледи.
Радио
Адам каалагандай жашашы үчүн эмне керек? Эмоционалдык интеллект тууралуу