БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагалыгы бир айга Россияга өттү

Төрагалык ай сайын улам бир мамлекетке өтүп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Россия 1-апрелден тарта БУУнун Коопсуздук кеңешине төрагалык кылат, бул мезгил аралыгында "эффективдүү ар тараптуулук", курал-жаракты экспорттоодогу тобокелчилик жана Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу талкууга алынмакчы. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматта кеңештин бир катар сессиясына РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров төрагалык кылары айтылат.
Буга чейин Украина маселеси апрелге белгиленбегенин айткан Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя украин темасына арналган кандайдыр бир жыйын болорун четке каккан жок.
Апрелдин башында атайын операция жүрүп жаткан аймактан балдарды эвакуациялоо боюнча бейформал жыйын өткөрүү пландалган. Мында Москва балдарды Украинанын огунан коргоо жана аларды коопсуз жайга жайгаштыруу жаатында көрүп жаткан аракети тууралуу маалымат берет.
Ал эми 10-апрелде согуш багытындагы продукциянын экспортун жөнгө салуу боюнча келишимдердин бузулушу менен пайда болгон тобокелчиликтер талкууга алынат.
Ай соңуна жакын Нью-Йоркко Лавровдун келиши күтүлүүдө. Эл аралык абалга жана Россия-Америка мамилесиндеги кризистен улам ТИМ жетекчиси баштаган делегацияга виза берүү маселеси кандайча чечилери азырынча белгисиз.
Лавров 25-апрель күнү Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу темасы боюнча министрлердин деңгээлиндеги жыйынга төрагалык кылары айтылган.
Эскерте кетсек, төрагалык алдында РФ ТИМи тышкы саясаттын жаңы концепциясын бекиткен. Анда адамзат революциялык өзгөрүүлөрдүн доорун баштан кечирип жатканы, "акыйкаттуу, көп полярдуу дүйнөнү түзүү уланып" жатканы айтылган.
БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги төрагалык ай сайын улам бир мамлекетке өтүп турат.
БУУнун Коопсуздук кеңешинде "Түндүк агымдагы" терактыны изилдөөчү резолюция өткөн жок