БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абировго карата тосмо арыз келип түштү, бирок кылмыш иши токтотулган жок. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков билдирди.
Анын айтымында, учурда тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгына карап чара көрүлөт.
Буга чейин Абиров жана Арген аттуу күзөт кызматкери элдешип, жабырлануучу эч кандай доосу жоктугун айтып кечиргени туурасында видео жарыяланган.
Ленин районунан шайланган Жаныбек Абиров мушташкан окуясы коомчулук арасында кызуу талкуу жаратканын, кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугу жок экенин айтып мандатып тапшырган.
Эскерте кетсек, 12-март күнү депутат Жаныбек Абиров ГБРдин кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу Улуттук госпиталга баш сөөгү жабыркап түшкөн. Окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, депутат соцтармак аркылуу элден кечирим сураган.
Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурап кайрылган. Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитет парламентке иштин жагдайын иликтеп чыга турган комиссия түзүүнү сунуштаган. Натыйжада териштирүүчү депутаттардын тобу түзүлгөн.