Орзубек Назаров: РФ менен Беларустун спортчулары жок Олимпиадада атаандаштык болбойт

ЭОК президенти Томас Бах россиялык жана беларустук спортчулардын 2024-жылы өтө турган Олимпиадага катышар-катышпасы кийинчерээк чечилерин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Батыш мамлекеттери Россияны дүйнөлүк спорттон четтетип салуу үчүн саясий ыкмаларды уялбай эле колдонуп жатат. Бул тууралуу боксчу Орзубек Назаров Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Белгилей кетсек, Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) кезектеги жыйынынан кийин Россия менен Беларустун спортчуларынын Олимпиада оюндарына катышар-катышпасы боюнча маселе кайрадан белгисиз бойдон калды.
Жыйында ЭОК президенти Томас Бах россиялык жана беларустук спортчулардын 2024-жылы өтө турган Олимпиадага катышар-катышпасы кийинчерээк чечилерин айткан.
"Былтыр ЭОКтун чечими россиялык спортчулар үчүн сокку болду. Бирок медалдын эки тарабы бар да. Бул чектөөлөр дүйнөлүк спортко дагы кедергисин тийгизди. Себеби көпчүлүк мелдештерде атаандаштык жоголуп, көрксүз болуп калды. Олимпиада оюндарын да ошондой эле тагдыр күтүшү мүмкүн", — деди Назаров.
Анын айтымында, эгер ЭОК россиялык спортчуларга Олимпиадада нейтралдуу желек менен чыгууга уруксат берсе, бул алардын жеңишке болгон каалоосун ого бетер күчөтөт.
"Өзүмдү спортчулардын ордуна коюп көрдүм, мындай кадамдар мени ого бетер ызалантмак. Россиялык спортчуларда кошумча артыкчылык пайда болот. Жеңишти эч ким тартып ала албайт. Себеби тарыхта россиялык спортчулар Россиянын жараны бойдон калышат", — деди ал.
Спортту да геосаясатка аралаштырып... Батыштын русофобиясы тууралуу ой толгоо