Россия тышкы саясаттын жаңы концепциясын бекитти

Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин өзүнүн жарлыгы менен өлкөнүн тышкы саясаты боюнча концепциясын бекитти.
РФ Коопсуздук кеңешинин туруктуу өкүлдөрү менен болгон жыйында Путиндин айткан кебинин урунттуу учурлары:
эл аралык жашоодогу кескин өзгөрүүлөр стратегиялык пландоо боюнча негизги документтерди оңдоп-түзөөгө талап жаратты;
конструктивдүү көз караштагы өнөктөштөр менен болгон байланышты кеңейтүүгө, дос эмес мамлекеттердин Россияга каршы кастык саясатын жүргүзүүдөн баш тартууга шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бөлүү керек;
РФтин суверендүүлүгүн бекемдөө үчүн эмгектенип, дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүүдө жана акыйкаттуу көп полярдуу тартипти орнотууда анын ролун күчөтүү зарыл.
РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кебинин урунттуу учурлары:
эл аралык чыңалуу соңку он жылдыкта болуп көрбөгөндөй күчөдү (Батыштын Россияны ар тараптан алсыздандырууга багытталган саясаты жаңы типтеги гибриддик согуш катары мүнөздөлдү);
эл аралык мамилелерде мыйзамдуулукту орнотууга басым жасалат;
РФке каршы кастык аракеттерге жооп катары симметриялык жана асимметриялык чара көрүү мүмкүнчүлүгү каралды;
Россия жана анын союздаштарына куралдуу кол салууну алдын алуу же сүрүп чыгарууга Куралдуу күчтөрдү колдонуу боюнча тезис киргизилип жатат;
АКШ — түздөн-түз антироссиялык линиянын анабашы. Ал эми Индия менен Кытай — Россиянын стратегиялык өнөктөштөрү;
РФтин стратегиялык кызыкчылыктарына ЕЭК, ЖККУ, КМШга таянуу менен евразиялык интеграцияны тереңдетүү кирет;
Кытай, Индия, ислам мамлекеттери, АСЕАН өлкөлөрү, Африка, Латын Америка жана Кариб бассейндери менен болгон стратегиялык өнөктөштүктүн потенциалын ачуу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО Украинада керемет болуп кетет деп ишенип тургандай... Сереп