Өлгөн кишинин сүрөтү, жибек шейшеп... Уктоочу бөлмөгө жолотпой турган нерселер

Уктап жаткан кыз. Архив
Адамдын маанайы, сергектиги, атургай ден соолугу уйкусунан көз каранды. Андыктан түнкү эс алууну уюштура билүү зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Түнкүсүн жакшы эс алам дегендер уктоочу бөлмөгө айрым буюмдарды жолотпой эле коюшу керек. Бул тууралуу психолог Анастасия Корнеева "Доктор Питер" басылмасындагы маегинде айтты.
Тынч уйкуга тоскоол болчу нерселер
Электрондук буюм-тайымдар:
Уктоочу бөлмөдө сыналгы, компьютер, смартфон сыяктуулардын болбой эле койгону жакшы. Эгер алардан арылууга мүмкүнчүлүк жок болсо, жок дегенде жарымын башка бөлмөгө чыгарыңыз.
Индикаторлор:
Дээрлик бардык техникада өчүп турганда да тынымсыз күйүп турган "лампалар" бар. Мисалы, телевизордун кызыл жарыгы, компьютердин клавиатурасынын арткы жарыгы дегендей. Алар билинбегени менен уйкуну бир топ бузат.
"Ызы-чуулуу" нерселер:
Жел болгондо шыртылдаган жалюзи, дубалга илген сааттын чыкылдагы сыяктуу нерселер байкалбаганы менен акырындан мээни "жеп коёт".
Жибек же синтетика шейшеп:
Жибек шейшептер сүрөттө же видеодо сонун көрүнгөнү менен күнүмдүк турмушта анча ыңгайсыз. Жайы ысытып, кышында үшүтөт.
Жука парда:
Сыртка кылайган жарык түшсө дагы бөлмөнүн ичине жетип, уйкуну бузат.
Портреттер:
Көпчүлүк адамдарга башка адамдардын жүзү, көз карашы тартылган сүрөттөр терс таасир этет. Өзгөчө көзү өтүп кеткен тууган-уруктун сүрөттөрү түн ичинде жагымсыз сезимдерге бөлөйт.
Тар жана ыңгайсыз кийим:
Уктоо учурунда кийген кийим эң биринчиден ыңгайлуу болушу керек. Кооз, бирок денеге жагымсыз ич кийимдерден оолак болуңуз.
Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын баштапкы медициналык-санитардык жардам бөлүмүнүн башчысы Гүласыл Сүтүева
Радио
Канча жашка чейин көп уктоо норма болуп саналат? Дарыгердин жообу