Күн жылыйбы? Чүй облусуна карата бир жуманын аба ырайы

Апта ичинде абанын күндүзгү температурасы 26 градуска чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги Чүй облусунда алдыдагы жумада аба ырайы кандай болору туурасында маалымат берди.
Синоптиктер 26-30-март күндөрү Сары-Өзөндө күн ачык болорун айтууда. Ал эми 31-мартта күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолорго кар жаашы күтүлөт. 1-апрелде жаан-чачын болбойт.
Апта ичинде абанын күндүзгү температурасы 26 градуска чейин жетет.
Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү. Кооптуу жерлердин тизмеси