БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Косметологго үзгүлтүксүз барып, жакшы косметика колдонуңуз. Эгер бетиңиз менен моюнуңузга бырыш түшүп жатса, мунун себеби сиздин адаттарыңыз деп билиңиз. Бул тууралуу диетолог Лиза Афинская "Доктор Питер" басылмасындагы маегинде билдирди.
Адис эрте картаюуга алып барган алты адатты санап берди:
Күндөн коргоочу кремдерди колдонбоо;
Күндүн нуру териге терең кирип, денедеги тактар менен бырыштарды жаратат. Күндөн корголбогон тери 15 мүнөттө эле ушундай зыянга учурашы мүмкүн;
Тез татым тамактарын көп колдонуу;
Таттуу, газдалган суусундук, чипсы, пицца, бургер жана ышталган колбаса тез картаюунун себептеринин бири;
Мындай тамактануу менен сөзсүз түрдө ашыкча салмак, теринин картаюусуна гана эмес, ар кандай ооруларга да чалдыгууга болот.
"Жаштыктын азыктарын" унутпаңыз
Ден соолукту бекемдеп, жаш бойдон калам десеңиз жаңгак, мөмө-жемиш, балык жана таза сууну күнүмдүк тамак-ашта көп колдонууну унутпаңыз.
Тамеки чегүү
Чылым чегүү коллаген менен эластиндин бузулушун тездетип, бырыштарга, теринин өңүн өзгөртүүгө алып келет. Тамеки чеккендердин "кандайдыр бир чарчаган", атүгүл жашынан да улуу көрүнөөрүн байкасаңыз болот.
Мындан тышкары, тамеки чегүү ар кандай оорулардын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Бул адаттын айынан дененин бардык системалары жабыркайт, ал адамдын ден соолугуна жана сырткы көрүнүшүнө таасир этпей койбойт.
Кыймыл-аракеттин аздыгы
Бул көбүнчө кеңседе отуруп иштегендердин көйгөйү болуп эсептелет. Кыймыл-аракеттин аздыгынан түрдүү оорулар пайда болуп, ден соолукка көп зыян алып келет. Бул көрүнүш да теринин картайышына себепкер болот.