БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги бүгүн казино иштетүүдөгү салыктарды эселеп азайтуу боюнча экинчи токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Белгилей кетсек, алгач 2022-жылы 30-июнда кумар оюндары жөнүндө мыйзам кабыл алынганда төмөнкүдөй салыктык ставкалар (бир жылга) белгиленген болчу:
казинодогу бир оюн столу үчүн: 2023-жылы — 1 миллион сом, 2024-жылдан тарта — 1,25 миллион сом;
1 оюн автоматы жана компьютердик симулятор үчүн: 2023-жылы — 75 миң сом, 2024-жылдан тарта — 100 миң сом.
Бирок көп өтпөй эле 13-декабрда Экономика жана коммерция министрлиги "Оюн-зоок иштерине салыктын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга койгон. Анда өкмөт "оюн-зоок ишине дем берүү үчүн жана дүйнөдө болуп жаткан экономикалык кырдаалды эске алуу менен" деп салыктык ставкаларды төмөндөгүдөй арзандатууну сунуштаган:
бир оюн столу үчүн: 2023 — 600 миң сом (баштапкы суммадан 40 пайызга аз), 2024-жылдан тарта — 750 миң сом;
бир оюн автоматы жана компьютердик симулятор үчүн: 2023-жылы — 15 миң сом (баштапкы суммадан 4 эсе аз), 2024-жылдан тарта — 20 миң сом.
Муну менен 2023-жылы — 1 ,75 миллион, 2024-жылы 2,3 миллион сомдук салык түшөрү пландалган.
Ал эми министрликтин бүгүн, 24-мартта, коомдук талкууга чыгарган токтом долбоорунда казинонун салыктык ставкасын дагы төмөндөтүү демилгеленди:
Бир оюн столу үчүн: 2023-жылы — 450 миң сом (баштапкы суммадан 65 пайызга аз), 2024-жылдан тарта — 600 миң сом;
бир оюн автоматы жана компьютердик симулятор үчүн: 2023-жылы — 10 миң сом (баштапкы суммадан 7,5 эсе аз), 2024-жылдан тарта — 15 миң сом.
Бийлик мунун себебин "Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан экономикалык кырдаалды эске алуу менен бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген салыктык ставканы белгилөө зарылчылыгы жаралды" деп түшүндүрдү.
Казино жөнүндө мыйзам былтыр көптөгөн талаш-тартыштар менен өткөн болчу. Бийлик кумар оюндарына Кыргызстандын жарандары кирбей турганын айтып, негизиги максат бюджетти толтуруу экенин белгилеген. Өз кезегинде президент Садыр Жапаров казинолор ачылса казынага миллиарддаган сомдук салык түшөрүн билдирген.