БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 24-27-мартта күндүн жылыганынан, жаап өткөн жаан-чачындан улам тоолуу райондордо кар көчкү түшүп, күрткү жаралышы мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул туурасында Гидрометеорология кызматынан билдиришти.
Кооптуу жерлер:
Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу) ;
Каракол — Эңилчек жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу);
Барскоон — Ак-Шыйрак жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу);
Казарман — Ак-Тал — Чат жолунун 60-94-чакырымында (Кара-Көө ашуусунда) көчкү түшүп, күрткү жаралышы күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Аталган кызмат жолдогу автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы зарылдыгын эске салды.