27-28-мартта Бишкектин четиндеги айрым жерлерде газ өчүрүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Борбор калаанын Көк-Жар айылындагы "Сары-Челек", "Сейтек", "Искендер" турак жай комплекстеринде 27-марттан 28-мартка чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлады.
Көгүлтүр отту берүүнү убактылуу чектөө бир катар аймактардагы көп кабаттуу үйлөргө газ киргизүүгө жана газды жөнгө салуучу №62 пунктунун жабдууларын жогорку кубаттуулуктагы жабдууларга алмаштыруудан улам болгонун түшүндүрүштү.
Ишканадан шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнүшкөн.
Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү. Кооптуу жерлердин тизмеси