Пентагон Россиянын ЖМКлары менен күрөшүү үчүн конгресстен кошумча каражат сурады

Бул каражат Латын Америкада Sputnik агенттиги менен RT телеканалынын алдыга озуп келе жатканына байланыштуу керектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Пентагондун Түштүк командачылыгынын башчысы Лора Ричардсон конгресстен Россиянын ЖМКлары менен күрөшүү үчүн кошумча каражат сурады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ричардсон Латын Америкада Sputnik агенттиги менен RT телеканалы алдыга озуп келе жатканын, бул АКШга болгон "ишенимге доо кетирип жатканын" айткан.
"Russia Today Espanol менен Sputnik Mundo үч миллиондон ашык катталуучу топтогон. Алардын ишмердүүлүгү демократияга жана ишенимге доо кетирет", — деген Ричардсон.
Генерал Россия Түштүк командачылыгында "кеңири дезинформациялык кампаниясын" улантып жатканын жана аймактагы 11 өлкө менен ЖМК тармагында кызматташуу боюнча келишими бар экенин кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Колдоо көрсөтүү узакка болот, даярдангыла. НАТО баш катчысынын Батышка чакырыгы