Зордоп топтолгон, НАТОнун инструкторлору тарабынан шашылыш “даярдалган” армия гана бар деп белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автор бул сапар да россиялык атайын аскердик операциянын жүрүшү, украиналык контрчабуулдук аракеттер жөнүндө кеп козгогон.
Киевдик режимдин тескөөчүсү согушта жеңилгенин, бирок АКШ керт башынын кызыкчылыгы үчүн жүз миңдеген украиналык жарандардын өлүмгө аттанышын талап кылып жатканын түшүнгөн чыгар. “Бахмутту коргоону” антироссиялык идеологиянын символу кылып жатып Украина Куралдуу күчтөрүн жарым жыл ичинде Артемовскиде 60 миңден ашуун аскеринен ажыратышты.
Ал ортодо аталган калаадагы курчоо улам тарып, украиналык бөлүктөрдүн жолу бөгөттөлүп, ал тургай “купуя чыйырлары” да россиялык артиллериянын мээлөөсүндө турат. “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын чабуулчулар отряды Артемовскинин территориясынын 70 пайызын көзөмөлдөөдө. Салгылаш андан ары жылып Славянск, Краматорск, Северск үчүн кармаш башталчудай болуп турат. Алар менен катар эле россиялык күчтөр Авдеевкага да бет алган. Мындай шартта украиналык башкы штаб эки жакка чарпылып, Артемовскиге да, Авдеевкага да резервдерин бөлүштүрүүгө аргасыз болот.
Степовое (Петровское) кыштагы бошотулган соң россиялык күчтөр Авдеевкага алпарчу темир жолду бууп койгон. Россиялык күчтөр Сватов – Кременная линиясында да ийгиликтүү. Украиналык коргонуу чектерине чабуул коюп, Харьков облусу жана Луганск Эл Республикасынын чектешкен жерин бойлой – Сватовдон түндүк-батышка, Кременнаядан батышка бет алып жылып барат.
Украиналык күч түзүмдөрүндө ок өткөрбөс оор техника жана артиллериялык дүрмөттөр жетишсиз. АКШ менен Пентагон канча талап кылбасын, Украина Куралдуу күчтөрү контрчабуул коюуга дараметсиз. Анын эбегейсиз жоготууларын жашырып Киев жапырт мобилизациянын жаңы толкунун баштап туру. Вашингтон ок өткөрбөс эски транспортерлорун, пехота машиналарын жөнөтүүдө.
НАТОнун адистери контрчабуул үчүн шашылыш түрдө Украина Куралдуу күчтөрүнүн армиялык үч корпусун даярдоодо. Жалпы саны 100 миң жоокерге чейин экени белгилүү. Анткен менен бул түзүмдөрдүн согушка даярдыгы, сокку уруучу күчүн сөз кылып болбойт.
НАТОго мүчө-өлкөлөрдөгү “жаш жоокер курсунан” кийин алар Кременнаянын чет жакасына жайгаштырылууда. Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы
азырынча киевдик режим тескеп турган райондордо Дружковка, Краматорск, Славянск топторун курап жатканы айтылат. Түнкүсүн бул калктуу пунктуларда чынжырлуу жана дөңгөлөктүү техниканын колоннасы жүргөнү байкалат.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Запорожье жана Херсон облустарындагы россиялык күчтөрдүн бекемдигин улам текшерип коет, бирок аракеттеринен майнап чыкпайт. Россиялык күчтөр Днепрде, Херсон шаарындагы райондо украиналык десанттарды жок кылууда.
Ошол эле учурда Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабындагылар россиялык топторду эки жакка бөлүп, Мелитополго, андан ары Крымга чыгууну самап
Запорожье шаары тараптан сокку урууну көздөп жатат. Вашингтон украиналык армиянын дасыккан аскерлеринин азайышы, абадан коргонуу тутумунун ок-дары жана каражаттарынын тартыштыгына бушайман болууда. Пентагондун пикиринде, Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскердик туруктуулугунун негизи – курал-жарак менен тынымсыз жабдылышы. Бирок Вьетнамда, Ирак менен Афганистандагы Батыштын кол куурчагына айланган режимге жардам бере алган эмес.
Америкалык аскер-өнөр жай комплекси Киев өтүнгөн көлөмдө курал-жарак, ок-дары чыгарууга кубаттуулукту күчөтө албайт. АКШнын Коргоо министрлиги жана Конгресс ушул тапта бул багыттагы өндүрүш кубаттуулугун күчөтүп, көп жылдык сатып алууну уюштурууга киришти. Бирок “өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, корун толуктоого көп жыл кетет”.
Америкалык Breaking Defense басылмасы: “Украинанын тажрыйбасы бизде узакка созулган согуштук аракеттер үчүн техника жетишпей турганын көрсөттү”, – деп маалымдады. 19FortyFive порталы Украинада Россия АКШнын аскердик күчү жөнүндөгү нагыз чындыкты ачыктап койгонун белгиледи.
Европалык “донорлор” бир жыл ичинде Украина Куралдуу күчтөрүнө бир миллион 155 мм снаряд (бул бир күнгө 3 000 дүрмөт дегенди туюндурат) сатып берүүгө сөз берген.
Financial Times басылмасы аткаминерлер менен өндүрүшчүлөрдүн билдирүүлөрүнө таянып, Европа биримдигинде дүрмөт даярдоочу порох жана башка жардыруучу заттар дайым тартыш экенин кабарлады. Ошол себептен ок-дары өндүрүш көлөмүн тез арада көбөйтүү мүмкүн эмес.
Чехиянын президенти Петр Павел Украина катуу контрчабуул коюуга бир гана жолу аракет кыла алат, анан да бул бир нече ай аралыгында болушу шарт деп эсептейт. Атайын аскердик операциянын стратегиясын, тактикасын катаалдатуу анын баштапкы максаттарын, атап айтканда, Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоону ылдамдатат. Бул коопсуздуктун жаңы дүйнөлүк тутумун түптөө үчүн зарыл.
The American Conservative порталы украиналык жаңжалдан улам: “Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ тарабынан тутанган согуштар 10 миллиондон ашуун кишинин өлүмүнө түз себеп болгон... Кошмо Штаттар өз убада, келишимдерин бузганы, макулдашуулардан баш тартканы менен белгилүү. Тизме ого эле узун: 1990-жылы АКШ НАТОну Чыгышка – мурдагы Варшава блогуна кирген өлкөлөргө карай кеңейтпей турганы боюнча убадасы, Ракетага каршы коргонуу, Орто жана чакан аралыктагы ракеталарды жок кылуу, ачык асман, Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды азайтуу, Аракеттердин бардыгы камтылган биргелешкен планы боюнча, Ливия жана башкалар менен макулдашуулар... АКШ баш ийбеген өлкөлөргө кол салып, эл аралык укукту бир нече ирет бузганы маалым. Элүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишкен. Деструктивдүү мындай жүрүм-турумду туюп, көрүп туруп капарга илбеген доор бүтүп барат”, – деп эскертти.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram https://t.me/AKhrolenko каналына жазылыңыздар.