Путин менен Си Цзиньпиндин тар чөйрөдө жолугушуусу. Эмне тууралуу сөз болду

Си Цзиньпин Россияга мамлекеттик иш сапары менен келген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытай лидери Си Цзиньпин Кремлде бетме-бет форматта жолугуп, андан кийин кечки тамак үстүндө сүйлөшүүнү улантышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Башчылардын айткандарынын урунттуу учурлары:
Путин Украинадагы кризисти чечүү боюнча Кытайдын сунуштарын кылдаттык менен окуп чыкканын айтты. Лидерлер аны талкууламакчы;
Россия президенти Москва менен Пекиндин бирдиктүү аракети дүйнөлүк тартиптин жана көп полярдуулуктун негизги принциптерин бекемдээрин айтты;
Си Цзиньпин Россияга Кытайды колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. “Кытай менен Россия — ар тараптуу стратегиялык өнөктөштөр, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле өтө тыгыз”, — деди ал;
Кытай лидери Россия Путиндин аркасы менен гүлдөп-өнүгүүгө жетишкенин айтты;
Эске салсак, Си Цзиньпин Россияга мамлекеттик иш сапары менен келген. Расмий жолугушуулар эртең Кремлде болот.
Си Цзиньпиндин РФке сапары: эки лидер ЖМКларга эмне тууралуу айтышты