Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Москвага келди. Видео

Кытай лидеринин учагы Внуково-2 аэропортуна конду. Аба майданга Ардактуу кароол тизилип, мейманды вице-премьер Дмитрий Чернышенко тосуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Москвага келгенин РИА Новостинин кабарчысы билдирди.
Кытай лидеринин учагы Внуково-2 аэропортуна конду. Аба майданга Ардактуу кароол тизилип, мейманды вице-премьер Дмитрий Чернышенко тосуп алды. Аскердик оркестр эки өлкөнүн гимндерин ойноду.
"Кытай менен Россия — ишенимдүү өнөктөштөр. Визит жемиштүү болуп, ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык мамилелердин туруктуу өнүгүүсүнө жаңы дем берет деп ишенем. Кытай Россия менен биргеликте эл аралык укуктун сакчылыгында турууга даяр", — деди Кытайдын башчысы.
Бул — анын үчүнчү мөөнөткө шайлангандан берки биринчи эл аралык сапары.
Си Цзиньпиндин РФке сапары: эки лидер ЖМКларга эмне тууралуу айтышты