Түшүң туш болсун! Кыргыз дүйнө таанымында түшкө байланыштуу ырым-жырымдар

"Түшү оңолгондун иши оңолот" деген сөз бар кыргызда. Колумнист Шаакан Токтогул илим азырынча так аныктамасын айта элек түш тууралуу ой калчады.
Sputnik
Кыргыз дүйнө таанымында түштүн киши тагдырындагы маанисине өзгөчө көңүл бурулган. Жакшы түш көрсө түлөө берип, кан чыгарып элден бата алган. Арам ою жок ак пейил жанга, кеп билген кеменгер, нарк билген көрөгөч кишиге жоруткан.
Жаман түш көрсө аны сууга айтып, бойго, ойго жуутпай агын суу менен кетсин деп ырым кылган. Каран түнгө айтып, каран түнгө сиңип кетсин деген.
Өтө жакшы түштү эч кимге айтпай төп келсин деп тилек кылган. Боюна уюткан.
Түштүн мойну кылдай, башы казандай болот, кандай жорусаң ошондой иштеп кетет деп аны жорууга, жорутууга этият мамиле жасалган.
Бир киши башка киши жөнүндө жакшы түш көрсө, аян түш көрсө түш көргөн кишинин түшүн берки киши уккан соң жолдугун кылып, акчалай же башка бир белек тартуу кылган.
Кээ бир ач көз, амалдуу кишилер бирөөнүн кереметтүү белек түшүн сатып алып түш көргөн кишиге келе турган ооматты өзүнө буруп алган учурлар да кездешет.

Түшкө байланыштуу ырымдар

Жакшы түштү, аян түштү, белек түштү караңгыда, күүгүмдө айтпайт.
Жакшы түштү ач назарлуу кишиге айтпайт.
Жакшы белги берген түштү үч күн, жети күн жан адамга айтпай ырым кылат.
Жаман түш көрсө жан кишиге айтпай агын сууга айтат.
Жаман түшүн бирөөгө айтса уккан киши "түшүң түлкүнүн богу" деп мизин кайтарат.
Иши көп оңоло бербеген киши бирөөнүн жакшы түшүн сатып алып ырым кылат.
Жакшы түштү укканда "түшүң түш болсун" деп айтуу керек.
Кандай гана түш болбосун дайыма оңго жорулат.
Баланы бешикке бөлөө

Түштүн мааниси

Кыргыздар "түш" деп атаганында да себеп бар. Сөз маанисине карай талдай турган болсок буйрук этиштен туруп жогоруда турган затка карата айтылып жатат. Демек, биздин элде түш жогору жактан түшкөн нерсе катары кабылданат.

Түштүн түрлөрү

Түштүн маанисине карай аян түш, белек түш деп бөлүшкөн. Аян түш өзүнчө дагы кабар айткан, эскертүүчү, белги берген түштөргө бөлүнөт.
Ал эми белек түш – бир ооматты, чоң жакшылыкты алып келген түш.
Түштүн киши аң-сезимине таасир этишине карай жакшы түш, жаман түш деп бөлүүгө болот.
Жаман түш көргөн киши кыйналып чыгат, жакшы түш көргөндө сонун сезимдер менен ойгонот.
Жакшы жана жаман түш көргөндөгү жасала турган жөрөлгөлөр
жакшы түш көргөндө ошол түш үчүн соолук беришкен (жарды-жалчыга жардам, жети токоч баабедин, өтө жакшы түшкө мал союп элдин батасын алган);
жаман түш көрүп ырымын жасабай койсо ошол ишке ашып кеткен. Жаман түш көрүп ырымын аткарса болтурбай койгонго мүмкүнчүлүк бар деп ишенип келген кыргыз;
түшүндө кашка тиши түшүп калса, каруусу сынса, чийки эт көрсө жарды-жалчыга, жетим-жесирге кайыр-садага берген. Жолдун айрылышына үч, жети, он эки тыйын таштаган, түшүн агын сууга айткан.
Канатчан асылдар жарыгын чача берсин. Кишинин турпаты, сүрү, сөөлөтү деген эмне?

Аян түштөр

Жөн түш эмес аян түштөр бар. Аян түш экенин кантип билүүгө болот?
Аян түштөрдө кыргыз табиятына ылайык элестер коштойт. Ал элестер Манас атанын, Каныкейдин, Бакай атанын, кырк чоронун элестери. Андан башка кыргызга аты калып-калбаган баатырлардын элестери, пирлер, көкжал, ак илбирс, кайберен, буудайык, Акшумкар сындуу кайыптар, ыйык жер ээлери, ата-бабанын арбактары.
Алар өткөн нерседен, боло турган нерседен кабар берет же болуп жаткан жагдайдан чыгуу жолдорун айтышы мүмкүн. Алдыдагы кырсык, алаамат болордо эскертет.
Жасай турган иштин оң болорун же болбосуна, чечиле турган маселенин бүтөр-бүтпөсүнө белги берип турат.
Ар бир кишинин алып жүргөн жүгүнө карай жеке өзүнө, урук-тууганына, эл-журтуна же жалпы адамзаттык деңгээлдеги аяндарды түш аркылуу бериши мүмкүн.
Жаздык жана калпак. Архивдик сүрөт

Белек түш

Балалуу болордо дээрлик көпчүлүк кыргыздар түш көрөт. Бири кайып жаныбарларды көрсө, башкасы Манас баштаган кайып жандардан буюм же белек алат. Жолдон да зер-буюм, ар кандай курал-жарак таап алган жагдай болот. Болбосо, ата-бабасынан бирөө бир буюм карматат. Ошол буюмдун кызматына карай жарала турган жандын кандай киши болору тууралуу чечмелеп келишкен. Алган буюм, көргөн кайып жаныбарларга карата да, же буюм, белек катары берген кайып жандарга карата да уулдун же кыздын бүтүндөй тагдырын элдик же жекелик жашоосун билип келишкен.
Мисалы, төрөлө турган наристенин атасы же энеси түшүндө күзгү алса элге-журтка таанымал кыз болот дешкен. Караңгыда чырак ала турган болсо агартуу тармагында эмгектене турган уул же кыз деп жорушкан. Бычак, канжар, кылыч, кестик баатыр уул төрөлөрүнөн кабар. Кур ала турган болсо урук-тууганына, эл журтуна бел боло турган уул же кыз. Сөйкө, шакек, билерик ай чырайлуу кыз деп жорулган.
Ак шумкар, ак илбирс, көк жал, кабылан, шер сындуу кайып жаныбарлар болсо төрөлө турган жандын сүрөөгү күч, элдин руханий өсүүсүнө салым кошо турган жан болорун айтып келишкен.

Баш кошордо

Болочок жубайын түш аян катары көрүшкөн. Анда да кайыптар, арбактар кабар кылып айткан жагдайлар бар. Болбосо, үйлөнө турган жигит колуна куш кондуруп, аккуу алып, аң уулап жүрсө, калтар, суусар, колуна тийсе өз теңин табарынан кабар берет. Анын тукумун улоочу катары татыктуу жубай белек эмей эмине…
Өмүр жолун өтөө — жазмыш, өнүп-өсүү — милдет. Жолго ода

Алымкул түшчү

Түшү төлгөдөй төп келген, түшү аркылуу кайып дүйнө менен байланышкан жандар бар. Мурунтан боло келген. Алардан башчылар, бийлер, баатырлар, карапайым кишилер кеңеш сурап, болбой жаткан иш же боло турган иш тууралуу түш көрүп берүүсүн сураган. Андай кишилер ыйык жерлерде, таза жерде жатып түш көргөнү тууралуу маалымат бар.
Мисалы, Алымкул түшчү. Ага айтылуу Алтын ордонун каны Жаныбек ак өргөө көтөртүп берип өз жортуулдарында атайы түш көрдүртүп кызматын көргөн.

Жортуулга аттанарда

Жортуулга аттанарда ооматы болуп-болбосун түш аркылуу көргөн жагдайлар бар. Ага ар бир кыргыз аяр мамиле кылып келген.
Эр Табылдынын акыркы жортуулундагы карындашынын жаман түш көрүшү, агасы аттанарда барбагын деп жалынып, алып кала албаганы, ал жортуулдан Табылдынын кайтпай калышы буга мисал.
Чыңгыз хан да уулу Жоочуну жортуулга жиберерде түш көргөн, ал түштү уулуң кайтпайт деп жоругандарды жазалаган. Чынында эле Жоочу кайткан эмес.
Боз үй

Тизгин жыяр

Так аныктамасын азыркы илим айта албаса да түш көрүү кишинин жаны менен байланыштуу өзгөчө абал экени анык. Анын деңгээлдери болууга мүмкүн.
Мисалы, мен акылдын түшү, эс-тутум түшү, аң-сезим түшү, жандын түшү деп бөлмөкмүн.
Акылдын түштөрүн күнүмдүк турмуштагы муктаждыктар, болгон окуялар кирген кымгуут түштөр деп сыпаттамакмын. Ыштансыздын түшүнө эки карыш бөз кирет деген макал буга далил.
Эстутум түштөрү деп ата-тектин кайрылуусу, колдоосу, белеги кирген түштөрдү айтмакмын.
Аң-сезим түшү деп адамзаттык маселелерге карата эскертүү, кайып-пирлердин Манас баштаган кыргыз эгрегорлорунун аян бериши сындуу түштөрдү атамакмын.
Ал эми жандык деңгээлдеги түштөр деп, чексиздикке тунуп, боштукта балкып учуу, жаратканга жолугуу, башка жашоолорго барып калуу сындуу түштөрдү кошмокмун.
Түш кыргыз дүйнө таанымынын бир бөлүгү катары жашап келген, жашай берет, качандыр бир жандырмагы айтылат деп ишенем.
Күч-кубатка табынып аял багын, мээримге жалынып эркек кутун табат. Бүлө күтүү