БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Витаминдерди ашыкча ичүү кайра денсоолукка залакасын тийгизе турганын Sputnik радиосуна медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер-гепатолог Сергей Вялов айтып берди.
Адистин айтымында, дени сак адам пайдалуу азыктарды түрү менен жесе эле керектүү витаминдерди алган болот. Дарыгердин көрсөтмөсү жок витаминдерди иче берсе организмине зыян келтирип алышы мүмкүн.
"Көбү мага витамин жетпей жатат деп ойлойт. Азыркы тамактын бардыгы эле пайдасыз деген түшүнүк бар. Бирок андай эмес, күнүмдүк азык-түлүктөн дагы керектүү витаминдерди алса болот. Дарыгерден кеңеш албастан витаминдерди иче берүү гипервитаминозго, тагыраагы, организмде алардын өтө көп болуп кетишине алып келет. Мунун айынан организмде көйгөйлөр жаралат", — деп жазылган маалыматта.
Вяловдун айтымында, өзгөчө D витамининин көптүгү ден соолукту талкалайт. Анын суткалык нормасы 600-800 МЕ (эл аралык бирдиги) болгону менен көбү 2000-4000 МЕ ичишет. Бул учурда сөөктөрдөн кальций жуулуп, иммунитет түшүп, кан тамырлардын тонусу бузулат. Буга кошумча эс тутум дагы начарлайт.